Азирети Муфтий баштаган аалымдар иш сапары менен Баткен облусуна барып, чек арада жашаган элден кабар алды (фото)

Бүгүн, 16-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана Аалымдар кеңешинин мүчөсү, КИУ ректору Абдишүкүр ажы Нарматов баштаган аалымдар Баткен облусуна иш сапары менен барды.  

Иш сапардын алкагында Азирети Муфтий баштаган жумушчу топ Баткен шаарындагы «Муьаз ибн Жабал» медресесинин балдар бөлүмүнүн курулушунун кирпич коюу аземине катышты. Бардык шарттары менен курулуп жаткан 3 кабаттуу медресенин курулушунан кабар алган Азирети Муфтий баштаган топ медреседе илимдүү, адеп-ахлактуу, Мекенди сүйгөн жана эл үчүн кызмат кылган келечек муун тарбиялаган борбор болуусуна тилек кылды.

Жумушчу топтун сапары андан ары Баткен районундагы чек ара айылдарында уланды. Үстүбүздөгү жылдын 14-16-сентябрь күндөрү орун алган чек ара окуяларында жабыр тарткан Ак-Сай жана Достук айылдарынан жеринен кабар алып, айыл жашоочулары менен жолугушуп, аларга материалдык жана моралдык колдоо көрсөттү. Ошондой эле, эки айылда бирден бодо мал курмандыкка чалынып, түлөө өткөрүлүп, чек ара окуясында каза болгондорго Куран окулду.

“Жараткан Алла чек ара окуяларында каза болгон мусулман бир туугандарыбызга бейиштин төрүн насип этсин. Алла Таалам бизге жакшы күндөрдү тартуулап, түрдүү балээлерден алыс кылсын. Элибизде биримдик, жергебизде тынчтык, өсүп-өнүгүү болсун. Ушул курмандыгыбызды, түлөөбүздү Алла Таалам кабыл кылсын”, –деди Азирети Муфтий.

Иш сапардын алкагында Азирети Муфтий жана дин аалымдары Баткен районунун Бужум айылындагы аскер бөлүгүнүн жоокерлери менен жолугуп, Мекенди коргоодогу эмгектери үчүн ыраазычылыгын билдирди. Дин аалымдары жана жоокердин катышуусундагы өткөн «Мекенди сүйүү ыймандан» аттуу маектешүүдөн соң, жоокерлерге Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан сый тамак уюштурулду.