Рот-Фронт айылынын жаштары айылдагы мечитке маркумду акыркы сапарга узатууга керектүү жабдыктарды алып берди

Ысык-Ата районунун Рот-Фронт айылындагы «Ихсан» мечитинин жамаатынын жаштары мүрзөлөрдү казууга жана маркумду акыркы сапарга узатууга  керектүү шаймандарды мечитке тапшырды. Атап айтсак, күрөктөр, маркумга оролуучу кепин, табыт алынган. Мечит имамы билдирген маалыматка таянсак, тиешелүү каражаттарга 20 миң сом жумшалган.

«Жаштарыбыздын руханиятка көңүл буруп жатканы көңүл жылылат. Мындай жаштарыбыз көп болсун», – деп билдирди мечит имамы.