Кара-Суудагы аялдардын диний окуу борборлорунун кышка даярдыгы текшерилди

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Кара-Суу районуна иш сапары менен барып, аялдардын диний окуу борборлорунун кышка даярдыктары жана тазалыгы менен таанышты. Алибек ажы текшерүүнүн жүрүшүндө окуу борборлордун кышка болгон даярдыгы жана тазалыгы жогорку деңгээлде экендигин белгилеп,

“Биз кышка чейин аймактагы окуу жайлардын даярдыгын жана тазалыгын текшерип келүүдөбүз. Ар кайсы окуу жайларда болдук, дээрлик баары даярдык көрүп жаткан учур экен. Сиздердин окуу борборлоруңуздар алардан өзгөчөлөнүп, бүт бардык тараптан даяр экенсиздер, ар дайым үлгү болуп жүрө бериңиздер”, – деп билдирди.