Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн имамдарына жыйын өткөрүлүп, мечиттерди ысык суу менен камсыздоо тапшырмасы берилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Бектен ажы Боронбаев айылдык мечиттердин имамдарына жыйын өткөрдү. Анда мечиттердеги тазалык, дааратканалардын ысык суу менен камсыздалышы, имамдардын кийим-кечеси жана жүрүм-туруму, каттоодон өтө элек мечиттер боюнча жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешүү ж.б. маселелер каралды.

Аталган айыл өкмөттүн баш имамы мечиттердеги тазалыкты сактап, суук түшкөндүгүнө байланыштуу дааратканаларды ысык суу менен камсыздоону тапшырды. Ошондой эле каттоодон өтө элек мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүдө жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып баруу тапшырмасын берди.