Ош шаарындагы «Али аль-Байт» мечитинде курулуш иштери кызуу жүрүп жатат (фото)

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов «Али Аль-Байт» мечитинде жүрүп жаткан курулуш иштеринен кабар алуу менен бирге жергиликтүү жамаат менен жолугуп, имамдын демилгесин колдоого алып, ынтымакта иш алып бара жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

«Имамга колдоо болсо гана мечитти жандандыра алат. Ар дайым имамдын демилгесин колдоп, ынтымак менен иш алып барыңыздар. Аллахым ишиңиздерге ийгилик берсин», – деди Мирланбек ажы Токтомушов.

Казы мечите атайын көзү азиздер үчүн курулуп жаткан окуу бөлмөлөрү, заманбап даараткана жана башка жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине жогорку баасын берди.

Айта кетсек, ушул айдын башында мечитти толук түрдө жылуулук менен камсыздоо иштери бүткөрүлгөн.