Абдирашит ажы Батыров Наримандагы флагшоттун ачылышына катышты

Кечээ, 15-ноябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө флагшот орнотулду. Иш-чаранын ачылышына КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүчүлүгүнүн жана райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилиги, Абдирашит ажы Батыров баштаган хатибият жамааты, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Кара-Суу райондук хатибиятынын ырасташынча, флагшот жеке ишкер Мухаммаджан Махмудовдун демөөрчүлүгү менен курулган.

“Мамлекетибиздин эгемендүүлүгү жана желеги бар. Башка айрым элдердин саны көп, бирок алардын эркиндиги, эгемендиги жана көтөргөн желеги жок. Жараткан берген эгемендүүлүккө жана эркиндикке шүгүр келтирели. Эгемендигибиздин символу болгон желегибиз ар дайым желбиреп турсун”, – деди жеке ишкер.

Эскерте кетсек, ушундай эле флагшот Кара-Кыштак айыл өкмөтүнүн борборуна да курулган.