Мунафык деген эмне?

Аллах Тааланын аты менен алгачкы сөзүмдү баштап, ааламдардын Жаратуучусу Айкөл Зат Аллах Таалага чексиз шүгүрчүлүк жана мактоолорду айтуу менен бирге, Аллах Тааланын сүйүктүү пендеси Жараткандан келген вахийни гана сүйлөгөн улуу Пайгамбарыбызга (с.а.в) Аллах Тааланын саламы жана рахматы болсун.

Мактоо жана салаваттан кийин Ислам дининде эле эмес адамдык касиетте дагы мүнөздүн терс сапаты болгон эки жүздүүлүк жөнүндө кыскача түшүндүрмө берип кетсек.   Эки жүздүү деген баарыбызга маалым болгондой эле эки сөзү бири-бирине дал келбеген, ар жерде ар тараптуу сүйлөгөн адамдын сапаты болот. Муну Ислам шариаты боюнча Мунафык деп айтабыз.

Мунафык деген эмне?

وقيل أن أصل كلمة النفاق من نافقاء اليربوع، وهي تعنى أن يظهر خلاف ما يضمر، ذلك أنّ اليربوع إذا أراد أن يخرج من الأرض حفر حفرة حتى إذا وصل إلى ظاهر الأرض ترك قشرة خفيفة ليخفي تلك الحفرة، فإذا رابه شيء دفع تلك القشرة وخرج من الحفرة، فظاهر قشرة اليربوع أنها تراب كالأرض بينما هي حفرة، وكذلك الحال مع المنافق الذي يظهر الإيمان ويخفي الكفر،

Мунафыктыктын сөздүктөгү мааниси: Кээ бир аалымдардын айтуусуна таянсак: Мунафык деген сөз негизинен кош аяк чычкандын уясы деген сөздөн чыгарылат. Б.а катылган нерсени ачыка чыгаруу дегенди билдирет. Себеби кошаяк чычкан жерден чыгууну каалаганда бир чуңкур казат. Ошентип жердин берине жеткенде ал тешилген тешикти жашыруу үчүн жука кабыктарды коюп коёт. Качан ага бир нерсе шек болсо, ошол кабыктарды алып салып, уясынан чыгып кетет. Ал кабыктын сырты жер сыяктуу топурак болуп көрүнгөнү менен, негизинде ал казылган аң (чуңкур).  Мунафыктын абалы деле ушул чычкан сыяктуу. Ыйманын ачыка чыгарып, каапырчылыгын ичине жашырат.

 وأما معنى النفاق في الاصطلاح فيدل على مخالفة الظاهر للباطن فالمنافق يقول بلسانه ويفعل ما يخالف معتقده وما في قلبه، وهو يستر الكفر ويدعي الإيمان،

            Ал эми Мунафыктын терминдеги мааниси: Сырты ичине дал келбеген адамды айтат. Мунафык тили менен айткан сөзү негизги жүрөгүндөгү ишенимине ылайык аткарган амалына карама каршы болот. Бул дегени каапырлыгын жашырып өзүн ыймандуу кылып көрсөтөт.

Мунафыктын түрлөрү

Мунафыктын Ислам дининин көз карашы боюнча эки түрдүү болот. Ишенимде эки жүздүү болуу жана амалда эки жүздүү болуу.

نفاق اعتقادي: هو نفاق أكبر يخرج صاحبه من الملة، حيث يظهر الإسلام ظاهراً، ويخفي الكفر باطناً، أو يستهزء بالدين، أو يميل إلى أعداء الإسلام بالكلية.

Ишенимдеги эки жүздүүлүк – бул чоң мунафыктык. Эл көзүнчө өзүн мусулман көрсөтүп, каапырчылыгын ичине жашырат, же динди шылдыңдайт, же болбосо толук түрдө исламдын душмандары тарапка ооп кетет. Бул адам динден чыгып калат.

نفاق عملي: معناه أن يعمل المسلم عملاً من أعمال المنافقين، وهذا النفاق لا يؤثر في إيمان القلب، كما لا يخرج صاحبه من الملة.

Амалдагы эки жүздүүлүк – бул мусулман адам амал жаатынан мунафыктардын амалын аткарат. Бул эки жүздүүлүк жүрөктөгү ыйманга таасирин тийгизбейт жана мындай кылган адам динден чыкпайт. (албетте күнөөкөр болот)

 Мунафыктын белгилери

Мунафыктар дайыма момундарды кемсинтип, төмөн көрүп, шылдыңдап, диндин кемчилдигин издейт. Өздөрү мусулмандардын арасында турса дагы каапырларды жакшы көрөт. Алардын ар кандай үзүрлөр менен үзүр айтуусу алар жалганчы экенине жана алдамчы экенине далалат кылат.

 قال تعالى: (وَمِنْهُم مَّن يَقُولُ ائْذَن لِّي وَلاَ تَفْتِنِّي أَلاَ فِي الْفِتْنَةِ سَقَطُواْ وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمُحِيطَةٌ بِالْكَافِرِينَ).

Аллах Таала Куранда мындай деп баяндаган: “Алардын ичинен кээ бирлери: “Мага калууга уруксат бер, мени азгырыка алып барба”-дешет. Байкагыла: чындыгында эле, алар (шайтанга) азгырылгандар. Акыйкатта, Тозок каапырларды ороп алат”. (Тавба 49)

Өздөрүн жакшы, дурус көрсөтүүсү бузуку болуп калуудан жийиркенгендиги себептен. Алар бузукулук жайылтууга жана мусулмандардын ортосунда чыр-чатак чыгарууга шашылышат. Өздөрүнүн ойлору менен мурдагы эрежелерден бошоону жана эркин болууну талап кылат.

قال تعالى (وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ لاَ تُفْسِدُواْ فِي الأَرْضِ قَالُواْ إِنَّمَا نَحْنُ مُصْلِحُونَ).

Аллах Таала айткан: “Аларга жер бетинде жамандык-бузукулукту жайылтпагыла деп айтылганда, алар биз болгону жакшылык гана кылып жатабыз-дешет”. (Бакара 11)

خصالهم التي يعرفون بها والتي ذكرها النبي الكريم في الحديث، قال عليه الصلاة والسلام: (آيةُ المنافق ثلاثٌ: إذا حدَّث كذَب، وإذا وعد أخْلَف، وإذا اؤتُمِن خان).

Алардын өзгөчө белгилерин Пайгамбарыбыз (с.а.в) хадисте баяндаган: “Мунафыктын белгилери үчөө. Сүйлөсө жалган сүйлөйт, убадасына каршы чыгат жана аманатка кыянат кылат”. (Мишкатул Масаабих)

Мунафыктын жазасы

Аллах Таала өзүнүн адилеттүү сапаты менен жакшы иш кылып ыймандуу болгон инсандарды түбөлүктүү бактылуулуктун мекени Бейишке жана тоң моюн каапырларды Тозоко киргизет.  Бирок өзүн мусулман көргөзүп, ичинен каапыр болгон мунафыктардын жазасы жөнүндө Аллах Таала мындай дейт:

وَمِنَ النَّاسِ مَن يَقُولُ آمَنَّا بِاللّهِ وَبِالْيَوْمِ الآخِرِ وَمَا هُم بِمُؤْمِنِينَ ، يُخَادِعُونَ اللّهَ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَمَا يَخْدَعُونَ إِلاَّ أَنفُسَهُم وَمَا يَشْعُرُونَ، فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٌ فَزَادَهُمُ اللّهُ مَرَضاً وَلَهُم عَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْذِبُونَ،

Элдердин арасында кээ бирөөлөр: “Биз Аллах Таалага жана Кыямат Күнүнө ишенебиз”-дешет. Бирок алар ишенишпейт.Алар Аллахты жана Ага ишенген ыймандууларды алдоого аракеттенет. Бирок алар өздөрүн гана алдашат, муну өздөрү да сезишпейт. Алардын жүрөгүндө ооруу бар. Аллах алардын ооруусун дагы да күчөтөт. Жалган сүйлөгөндөрү үчүн аларга жан чыдагыс азап бар. (Бакара 8,9,10)

Аяттан айтылгандай мунафыктардын жазасы жөнөкөй эмес, өтө катуу азап болот. Кала берсе каапырлардын да азабынан катуураак жаза берилет. Анткени каапыр Аллахка ыйман келтирбегенин ачык айтып, тоң моюндугун өз мойнуна алат. Ал эми мунафык аткарган күнөөсүн мойнуна албастан эки жүздүүлүк менен кутулуп кетүүнүн аракетин жасайт. Бирк Аллах Таала ар бир адамдын жашыруун жана ачык сырларын билүүчү Зат. Ошондуктан мунафыктын жазасы каапырдын жазасына караганда оор болот.

Мунафыктыктан сатануу

Мунафыктыктан сактануучу амалдар көп. Бирок макала кыска болуусу үчүн бир нечесин ган баяндап кетебиз.  Мунафык болуудан сактануу үчүн мусулман пенде биринчиден дуба менен Жараткан затка кайрылуу керек. Анткени Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткандай дуба бул момундун куралы болот. Ошондуктан эң биринчиден Аллах Таалага: “Мени мунафыктыктан сакта”-деп дуба кылышабаз керек. Аллах Таала дуба менен кайрылган пенделерин жакшы көрөт. Себеби Аллах Таала айткан:

وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ  إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ [غافر:60] .

Эгеңер: “Мага дуба кылгыла! Мен силердин дубаңарды кабыл кылам. Акыйкатта мага сыйынуудан  текеберленгендер, кор болуп Тозокко киришет”-деди. (Гаафир 60)

Мунафыктыктын жамандыгынан сактануу үчүн бата кылуу керек экендиги туурасында чоң таабиъиндердин бири Жарир бин Нафирдин (р.х) окуясы бизге жакшы үлгү болгон. Ал киши Абу Дардага (р.а) жолукканы барса, Абу Дарда (р.а)  мечитинде намаз окуп жаткан экен. Намазынын акырында Аллах Тааладан мунафыктыктан сактанууну сурады. Намаздан бошогон соң Жарир бин Нафир (р.х) сахабадан сурадым дейт: “Оо, Абу Дарда! Сизди Аллах Таала кечиргенго, Мунафыктык кайда?… сиз кайдасыз?…”  Анда Абу Дарда (р.а) үч жолу истигфар кылып: “Бул балээден ким аман кала алат?! Аллахка касам! Кээ бир кишилер аз мөөнөттүн ичинде эле фитнага кабылып, өз дининен чыгып калышат. Пайгамбарыбыз (с.а.в) намазда дагын, намаздан сырткары дагын бул дубаны көп айтат эле:   «يا مقلّب القلوب، ثبّت قلبي على دينك»Оо, жүрөктөрдү Алмаштыруучу! Менин жүрөгүмдү өзүңүздүн диниңизге бекем кылыңыз. (Тирмизий)

Жараткандан диндеги бекемдикти суроо бул Мунафыктыктан сактануунун бир жолу болот. Ар бир мусулман пенде мунафыктыктан сактанууну жана динде бекем турууну суроосу зарыл.

Мунафыктыктан сактануу үчүн пенде Аллах Тааланы көп зикир кылуусу кажет. Анткени мунафыктар Аллах Тааланы аз эстешет. Мунафыктыктын келип чыгуусу да Аллах Тааланы аз зикир кылуу жана капилеттиктин натыйжасынан келип чыгат. Ибн Кайюм (р.х) да өз сөзүнүн биринде: “Аллах Тааланы көп зикир кылуу мунафыктыктан сактайт”-деп айткан. Куранда дагын Ниса сүрөсүнүн 142-аятында мунафыктарды وَلَا يَذْكُرُونَ اللَّـهَ إِلَّا قَلِيلًا Аллахты өтө аз зикир кылышат.-деп сапаттаган.

Мындан сырткары Каъб (р.а) дагын: “Ким Аллах Тааланы көп этесе Мунафыктыктан сакталат”-деген.

Мунафыктыктан сактануучу дагы бир амал – Момун мусулмандарды жакшы көрүү. Жогоруда айтылгандай мунафык адамдын жайы тозоктун түбү болсо, Момун пенденин жайы Бейиштин төрү. Тозоктон сактанып, Бейишке кирүү жолун Пайгамбарыбыз (с.а.в)  айтып бекемдеп жана берекелүү денеси менен көрсөтүп кеткен. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан:

قال رسول الله صلى الله عليه وسلم لا تدخلون الجنة حتى تؤمنوا ولا تؤمنوا حتى تحابوا أولا أدلكم على شيء إذا فعلتموه تحاببتم أفشوا السلام بينكم

Толук ыймандуу болмоюнча Бейишке кере албайсыңар, бири-бириңерди толук жакшы көрмөйүнчө ыймандуу боло албайсыңар. Силерге бир нерсе айтайынбы, эгрде ошол нерсени аткарсаңар бири-бирңерди жакшы көрүп каласыңар. Өз ара саламыңарды жайылткыла.

Ушул хадисте айтылгандай мунафыктыктан сактанып, бейишке аман-эсен кирүүнү Аллах Таала баарыбызга насип этсин. Аамин.

 

Макаланы даярдаган: 

КМДБнын фатва бөлүм адиси Жигитали ажы Исмаилов