Ош шаарында 500гө жакын имам Ханафий мазхабы жана Матрудия акыйдасы боюнча атайын окуудан өтүштү

Кечээ, 30-октябрь күнү Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Сулайма-Тоо» мечитинде имамдарды Ханафий мазхабы жана Матрудия акыйдасы боюнча имамдаргы окутуу иш чарасы болуп өттү.  Окуу семинарына КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, Ош облусунун казысы Самидин ажы Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, Ош облусундагы 7 райондун баш имам хатибтери, шаардагы, райондогу мечит имамдары катышты.

Окуунун жүрүшүндө КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы  Эратов катышуучуларга имам Аззам абу Ханифа мазхабы боюнча жана Матрудия акыйдасы жөнүндө кеңири түшүндүрмө берди. Окутуунун алкагында «Жума Хутбалары» аттуу колдонмо курал китеби имамдарга таратылып, Ош облусунун казысы Самидин ажы Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, имамдарга бул китепти алгандан кийин жума баянында колдунуу керектигин, ошондой эле бул китептин артында чоң жоопкерчилик болоорун айтышты.

«500гө жакын имам катышкан окуу семинары абдан жогорку деңгээлде өтүп, Ханафий мазхабы жана Матрудия акыйдасы боюнча терең окутуулар жүргүзүлдү. Албетте, бул окуу семианары имамдарга абдан чоң салым болуп, келечекте мындай окууларды дайыма уюштуруп турууну пландап жатабыз»,-деди КМДБнын фатва бөлүмнүн башчысы.