МАХР МАСЕЛЕСИ

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен

Улуу динибиз аялзатынын кадыр-баркын көтөргөнү белгилүү. Буга көптөгөн далилдер бар. Мисалы, аялзатынын иштөөгө мажбур эместиги, нике кыюуда алгач аялдан суралышы ж.б. Аялзатына берилген артыкчылыктардын бири – махр. Махр – бул никенин талабы катары жигит тарабынан кызга берилчү мал-мүлк каражаты. Түгөйлөр үй-бүлө курардан алдын күйөө келинчегине акча же алтын түрүндө кайтарымсыз белек берет. Мына ушул көпчүлүк билгендей, махр (махир) деп аталат. Махр менен бирге эле «садук», «садука», «нихла», «фариза», «ажр», «хиба», «укр», «алаик», «тавл» жана «никах» деген сөздөр да колдонулуп келет. Махр – аялзатына берилчү белек десек болот.

Үй-бүлө курардан алдын түгөйлөрдүн бири-бирине материалдык баалуу нерселерди тартуулоосу башка диндерде да, культураларда да кездешет. Мисалы, биздин каада-салтыбызда калың берүү деген жөрөлгө бар. Калың никелешүүнүн негизги шарты болуп, негизинен малдан турган. Бай үй-бүлөлөр көпчүлүк убакта калың катары жамбы төлөшкөн. Ал эми самавий диндердин бири болгон христианчылыкта аял эркекке акча топтоп берет (драхома).

Ханафи мазхабында махр берүү важип делет. Демек, бербей коюуга болбойт. Анткени махр Куран менен бекитилген өкүм.

وَاٰتُوا النِّسَٓاءَ صَدُقَاتِهِنَّ نِحْلَةًۜ فَاِنْ طِبْنَ لَكُمْ عَنْ شَيْءٍ مِنْهُ نَفْسًا فَكُلُوهُ هَن۪ٓيـًٔا مَر۪ٓيـًٔا

«…(үйлөнгөн) аялдарыңарга махрын чын дилден бергиле. Эгерде ал (аял) калыңдын (кайсы бир) бөлүгүн силерге ыйгарса, анда муну жей бергиле…»

(Ниса сүрөсү, 4).

…وَاُحِلَّ لَكُمْ مَا وَرَٓاءَ ذٰلِكُمْ اَنْ تَبْتَغُوا بِاَمْوَالِكُمْ مُحْصِن۪ينَ غَيْرَ مُسَافِح۪ينَۜ فَمَا اسْتَمْتَعْتُمْ بِه۪ مِنْهُنَّ فَاٰتُوهُنَّ اُجُورَهُنَّ فَر۪يضَةًۜ وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ ف۪يمَا تَرَاضَيْتُمْ بِه۪ مِنْ بَعْدِ الْفَر۪يضَةِۜ اِنَّ اللّٰهَ كَانَ عَل۪يمًا حَك۪يمًا

«…мында айтылгандардан башкаларына абийириңерди сактап, бузуктук кылбай өз каражатыңар менен үйлөнүүңөр адал. А силер алардан (аялдардан) пайдаланганыңар үчүн аларга белгилүү өлчөмдө махр бергиле. Эгер силер белгиленгенден соң өз ара сүйлөшүп макулдашсаңар, андан эч кандай күнөө жок. Акыйкатта, Аллах Билүүчү, Даанышман»

(Ниса сүрөсү, 24).

Пайгамбарыбыз махр берүүгө абдан маани берген. Эгерде махр жөн гана сүннөт же мустахаб амал болгондо пайгамбарыбыз аны анча-мынча таштамак Ал өзүнүн эч нерсеси жок сахабасына «темир шакек болсо да бер» деп талап койгон. Ошондой эле Абдуллах бин Аббастын риваяты боюнча Азирети Али  Фатиматуз-захрага үйлөнүп жатканда, пайгамбарыбыз Аз. Алиге карап, «Ага бир нерсе бер!», – дейт. Азирети Али, «Менде эч нерсе жок», – дегенде, «хутами зоотуңду берсең болот», – деген.

Махрдын түрлөрү

  1. Махр-и мусамма

Махр негизинен махр-и мусамма жана махр-и мисил деп экиге бөлүнөт. Ал эми махр-и мусамма өз ичинде муъажжал жана муажжал деп эки түргө бөлүнөт.

  1. Махр-и муъажжал:

Түгөйлөр белгилеген махр нике кыюу учурунда берилгендей эле кийинчерээк да берилиши мүмкүн. Нике кыюу учурунда берилген махр «муъажжал» деп аталат. Эгерде нике кыюу учурунда махр өлчөмү белгиленбеген болсо, анда үрп-адатка ылайык белгиленет. Үрп-адат махрды кийинчерээк берүү, жарымын берүү, үчтөн бирин берүү сыяктуу жагдайларды жөнгө салат. Себеби, пайгамбарыбыздын (с.а.в) «Мусулмандар кооз көргөн нерсе Алланын даргөйүндө да кооз» деген (Ахмад бин Ханбал, Муснад, 140).  

  1. Махр-и муажжал

Махр дароо берилбей, 5, 10 жыл же күйөө өлгөндө берилиши макулдашылган махр түрү «муажжал» деп аталат. Макулдашылган убакыт келгенге чейин колукту махрды талап кыла албайт. Эгерде махр өлчөмү белгиленип, бирок берилер күнү белгисиз болсо, анда ажырашуу же түгөйлөрдүн биринин өлүмү менен муажжал дароо муъажжалга айланат. Б.а. берилиши зарыл болуп калат. Ажырашуунун баин же рижъий болушунун айырмасы жок. Бирок рижъий талактын идда мөөнөтү бүткөндө берилиши зарыл (муъажжал) болуп калат.

  • Махр-и мисил

Махр-и мисла нике учурунда белгиленбей, сөз болбой калып, бирок кийинчерээк берилчү махр болуп эсептелет. Эгерде күйөө махр бербестен кайтыш болуп кетсе, аялы мурастан махр-и мисил ала алат. Эгерде аял махр албай өтүп кетсе, анын мураскору күйөөсүнөн махр-и мисил талап кыла алат.

Махр белгиленип, бирок өлчөмү бүдөмүк, белгисиз, түшүнүксүз болуп калса (аль-жахалатуль-фахиша), анда махр-и мисил берилет. Мисалы, колукту «үй бересиң» деп айтты. Бул учурда чоң үйбү, кичи үйбү, квартирабы же кадимки жер тамбы, балкону барбы же жокпу, огороду барбы же жокпу, айтор ушул сыяктуу түшүнбөстүктөн улам махр-и мисил берүүгө туура келет.     Эгерде тараптар махрсыз үйлөнүү боюнча келишип алса да махр-и мисил берилет. Себеби, махр – шарият буюрган өкүм. Аны тараптар жок кылып сала албайт, антүүгө акылары жок. Тараптар махрды келишип алып жокко чыгарса да, анын күчү болбойт. Жубайлар махрдын айтылып-айтылбаганы боюнча талашка түшсө да махр-и мисил берилет.

Аял үч учурда махр алууга толук кандуу укуктуу болот.

1) Никелешкен күйөө жана колукту эч ким жок жабык жерде калган болсо (сахих халват) махрдын баарын алууга акылуу. Жакындашканы же жакындашпаганы каралбайт. Эгерде үчүнчү адамдар болсо, этек кирдин келиши, фарз орозо кармаган болсо, анда махрдын баарын ала албайт.

2) колукту-күйөө көшөгөгө кирген болсо;

3) түгөйлөрдүн биринин кайтыш болушу.

Эгерде сахих халват болбосо жана көшөгөгө кирбей туруп эркектин чечими менен ажырашса, анда аял махрдын жарымын гана алат. Эгерде аялдын аракети менен сахих халват жана көшөгөгө кирбей ажырашкан болсо, анда махр ала албайт. Түгөйлөрдүн никеси кыйылбай эки жолго түшсө, анда бул нике өтүмдүү болбойт да, махр берилбейт. Мусулман эмес аял исламдан качса да махр шарт болбойт.  

Суроо-жооптор:

Махрдын өкүмү эмне?

— Махрдын өкүмү важип (ижмаъ жолу менен).

Махр-и мисилдин өлчөмү кандай болот?

— турмушка чыгар кыздын уруусундагы жаш, сулуу, бардар, такыба, акылдуу, динине бекем, кыздыгы сакталуу, намыстуу, илимдүү, адептүү, ден соолугу чың кыздардын махрларынын орточо өлчөмү негиз алынат. Башкача айтканда, таптакыр төмөндөтүп же кымбаттатып салууга болбойт. Никелешүү учурундагы махрдын өлчөмүнүн кийинчерээк көтөрүлүп же түшүп кетишине каралбайт, учур каралат.

Махрдын өлчөмү канча?

— Махрдын өлчөмүнүн көптүгүндө чек жок. Бирок эң кеминде 10 дирхам болууга тийиш.

Колукту өзүнө берилген махрды күйөөсүнө бере алабы?

— Махр аялзатынын жеке менчиги болгондуктан, эгер кааласа күйөөсүнө кайтарып бере алат. Махрды алган соң толугу менен баш тартып коюуга (күйөөсүнө берип салууга) да укуктуу.

Эгерде күйөө тарап махрдан качып, пикир келишпестик чыкса эмне кылуу керек?

— Хакамга (сот, казы) кайрылуу керек.

Эгерде кыздын ыраазылыгы жок махрды жакындары (күйөөсү, ата-энеси, туугандары) ээлеп алса эмне болот?

— Дурус болбой калышы мүмкүн. Анткени махр кыздын акысы. Биздин каада-салтта кыз үчүн калың алынып, бирок кайра эле кызга сеп жасоого коротулат эмеспи. Бул салт шариятка төп келип, алкоого арзыйт.

Махрдын ордуна сүйүүсүн арнап «жүрөгүмдү бердим» десе болобу?

— Ханафи мазхабы боюнча мал же акчадан башка нерсе менен махр берүүгө болбойт. Демек, «мен махр катары жүрөгүмдү бердим», «кара жанымды арнадым» деген сыяктуу келишимдерде махр сахих болбой калат.

Махрды абдан көтөрүп жиберүү туурабы? Мисалы, 100 миң долларлык үй же 50 миң долларлык автоунаа талап кылса болобу?

— Негизи кыз каалаганын суроого укуктуу. Бирок күйөө бала кыйналып, үй-бүлөө курууга тоскоолдук жаратса же коомдогу жаштарды туура эмес нукка буруп, башкаларга жаман өрнөк болсо, анда туура болбойт. Алланын алдындагы ак, адал жана таза мамиле болуп эсептелген никени татаалдатып жиберүү динибизге жат болуп калат.

Колукту махр үчүн ажылыкты же умраны сураса болобу?

— Болот.

Махр бериле элек абалда түгөйлөр бири-бирине жакындай алабы?

— Ооба. Бирок аял махр берилмейин жакындашуудан баш тартып коюуга укуктуу.  

Кыргыз салтында калың берүү ырымы бар. Ал махрдын ордуна өтөбү?

— Ооба, өтөт. Бирок махрдын негизги шарты колуктунун өзүнө берилиши керек. Ошол себептүү ата-энелер ушул жагын эске алышы зарыл.

Эгер колукту махр боюнча маалыматы жок болсо же никелешүү учурунда айтпай калса, махр жокко чыгабы?

— Махр аялдын акысы болгондуктан, ал эч качан жокко чыгып калбайт.

Эгерде нике кыюуда махр чечилбеген болсо нике жарайбы?

— Ооба, жарамдуу болот. Себеби махр никелешүүнүн рукну эмес. Ыйык Куранда:

لَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ اِنْ طَلَّقْتُمُ النِّسَٓاءَ مَا لَمْ تَمَسُّوهُنَّ اَوْ تَفْرِضُوا لَهُنَّ فَر۪يضَةًۚ وَمَتِّعُوهُنَّۚ عَلَى الْمُوسِعِ قَدَرُهُ وَعَلَى الْمُقْتِرِ قَدَرُهُۚ مَتَاعًا بِالْمَعْرُوفِۚ حَقًّا عَلَى الْمُحْسِن۪ينَ

 «Силер аялдарыңарга жакындаганга чейин жана калың берүүдөн мурда ажырашсаңар, анда (ажырашуу) айып эмес. Бай байлыгына жараша, кембагал алына жараша жакшылык менен аларды ыраазы кылышсын! Бул – жакшылык кылуучуларга милдет», – деп айтылган (Бакара сүрөсү, 236).

Эгерде аялга доңуз же спирттик ичимдик сыяктуу арам нерселерден махр берилсе эмне болот?

— Бул махр жараксыз болот да, махр-и мисил берилет.

Даярдаган: Самидин кары Атабаев, Азирети Муфтийдин орун басары