Ош шаардык казыяты жыл жыйынтыгын чыгарды (фото)

Бүгүн, 28-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде шаардагы жалпы дин кызматкерлеринин катышуусунда жыл жыйынтыгы чыгарылып, жыл ичинде жигердүү кызмат кылгандарга казыят тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

«Мыкты мечит» номинациясы жылуулугу, тазалыгы жана ибадат кылуу үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттарын эске алуу менен борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитине тапшырылды.

Ошондой эле, имам, наиб-имам, мутавалли, азанчыларга казыят тарабынан Алкыш баракчасы жана акчалай сыйлыктар берилди.

Кошумча сыйлык катары ОшМУнун теология факультети тарабынан чыгарылган китептер жана жергиликтүү демөөрчү тарабынан берилген кышкы баш кийимдер тапшырылды.

Аталган иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков менен ДИМКнын Ош шаары боюнча жооптуу өкүлү Акматбек Оморов, өрт коопсуздук кызматынан Гыламидин Базарбаев, казыят кызматкерлери жана шаардагы жалпы дин кызматкерлери катышты.

Жыйындын алкагында өрт коопсуздугу боюнча адис тарабынан баяндама жасалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.