Лейлекте жыл жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрүлүп, хатибият менен тыгыз иш алып барган имамдар сыйланды

Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов аймактагы имамдарга жыйын өткөрүп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана казыят тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча имамдардын отчёттук маалыматтарын укту. Ошондой эле жыл жыйынтыгы чыгарылып, жетишкендиктер менен кемчиликтерге талкууланды.

«Кыш айларында мечиттерди жылуу кармайлы. Андан сырткары эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди тезинен каттоодон өткөрөлү. Ар бир имам биз менен тыгыз байланышта болуңуздар», – деди Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов.

Жыл жыйынтыктоочу жыйында бир катар маселелер көтөрүлүп, Лейлек райондук хатибияты менен тыгыз иш алып баруу менен район калкынын диний сабаттуулугун жогорулатууга салым кошкон имамдарга Лейлек райондук хатибиятынын ыраазычылык баракчалары жана китептер ыйгарылды. Ал эми өз ишин талаптагыдай алып бара албаган кээ бир имамдарга эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, 2023-жылга карата имамдарга тапшырмалар берилди.