Максат Сейталиев имамдардын ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Ысык-Көл районунун имамдарынын кезектеги жыйыны Бает айылынын мечитинде өткөрүлдү. Жыйында райондун баш имам-хатиби Максат Сейталиев имамдардын иштери менен таанышты.

Максат Сейталиев 2022-жылга карата түзүлгөн иш пландын негизинде аткарылган иштерге токтолуп, КМДБдан келген буйруктардын аткарылышы, мечиттердин каттоосу, тазалыгы, жылуулугу, коомчулукка болгон түшүндүрүү иштери боюнча маалымат угуп, үшүр-зекеттин пазилети туурасында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды

Жыйындын соңунда имамдарга коомчулук менен тыгыз иш алып барууну бекемдөө, жаштарга, мектеп окуучуларына түшүндүрүү сабактарын уюштуруу иштерин күчөтүү талабы коюлду.