Чоң Кара-Буура айылында Куран жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылды

Талас облусунун Кара-Буура районунун баш имам-хатиби Исламбек Куматаевдин демилгеси менен Чоң Кара-Буура айылындагы «Кавсар» мечитинде Куран жаттаган балдар менен Бакай-Ата медресесинин балдарынын ортосунда Куран жарыш конкурсу уюштурулду. «Кавсар» мечитинде өткөн Куран окуу сынагына Бакай-Ата медресесинен 17 бала, «Кавсар» мечитинен 17 бала катышты.

«5 пара», «2 пара» «1 пара» жана «жарым пара» критерийлери боюнча өткөн сынакта жеңүүчүлөр акчалай байгеге ээ болушту. Конкурстун өтүшүнө жардам көрсөткөн айыл тургундарына ыраазычылык билдирген Исламбек Куматаев:

«Биздин келечегибиз, эртеңибиз ушул балдарда. Азыртадан балдарыбызга дем-шык берип, Куран жаттоого кызыктырып жатабыз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) куттуу хадисинде, «Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнүп жана аны башкаларга үйрөткөндөр» деген. Хадиске амал кылган ата-энелер мечитке балдарын жетелеп, Куран үйрөнсүн деп алып келип окутушуп жатат. Жыйынтыгы эң жакшы», – деп билдирди.

Анын айтымында 1-орунду ээлеген балага 5000 сом, 2-орунга 3000 сом, 3-орундун ээсине 2000 сом ыйгрылса, калган катышуучуларга 500 сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.