Баткен казыяты жыл жыйынтыгын чыгарды (фото)

Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында район жана шаардын баш имам-хатибдеринин катышуусунда отчёттук жыйын өтүп, соңку бир жыл ичинде аткарылган иштер, мечиттердин каттоолору, түшүндүрүү иштери, битир-садаганын жумшалышы жана диний кырдаал боюнча маалымат беришти.

Отчёттук жыйынга Баткен облуснун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыяттын өздүк курамы жана баш имам-хатибдер катышты. Шаар-райондордун баш имам-хатибдеринин маалыматтык отчётуна ылайык, 2022-жылкы иш пландын алкагында жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып барылып, ханафи мазхабынын негизинде бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

«Жыйындын алкагында облус казысы ар бир иште жоопкерчиликтүү болуу керектигин айтып, район жана шаардын баш имам-хатибдеринин аткарган алгылыктуу иштерине ыраазычылык билдирип, кемчиликтерди жоюуга жана жетишпестиктерге 2023-жылдын биринчи чейрегинен тартып өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи», – деп билдирди казыяттын маалымат катчысы Фуркат Авлиеев.

Муну менен катар район-шаардын баш хатибдери 2023-жылга пландалуучу иштерге токтолуу менен өздөрүнүн сунуш-пикирлерин ортого салышты.