Ош облустук казыятында жылды жыйынтыктоочу жыйын болуп, мыкты иш алып барган кызматкерлер ыраазычылык каттар менен сыйланды

Ош облустук казыятында жылды жыйынтыктоочу жыйын болуп өттү. Ага Сайдамир ажы баштаган казыят кызматкерлери, баш имам-хатибдер жана жыл ичинде активдүү иш алып барган жооптуу имамдар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жети райондун баш имам-хатибдеринин жыл ичинде аткарган иштери, анын ичинде мечиттердин эсептик каттоосу, КР Президентинин №54 жарлыгы жана КМДБнын №01 фатвасы, КР өкмөтүнүн экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча диний тармакка байланыштуу пункттарынын аткарылышынын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралар, мечиттердин мүлктөрүн каттоо жана салафизмдин алдын алуу иштери туурасында жылдык отчёттук маалыматтар угулуп, баш имам-хатибдердин ишмердүүлүгүнө баа берилди.

Мечиттердин каттоосу боюнча облустук казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Абдималик ажы Турсунбеков төмөнкүлөргө токтолду:

«Жыл башынан бери облус боюнча жалпы 116 мечитти документтештирип, мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүп, 7 мечиттин документин кайра каттоосу менен бирге жалпы 123 мечиттин каттоо иштери бүттү. Бул жылы мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча алгылыктуу иштер болду. Албетте бул иштерде баш имам-хатибдердин жана алардын жардамчыларынын эмгеги чоң. Ошондой эле казыят кызматкерлери, райондук баш имам-хатибдер, каттоодон өтпөгөн мечиттердин имамдары жана райондун акимдери менен бирге жер-жерлерде жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштеринин негизинде ушундай жакшы жыйынтык болду”.

Ал эми облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев баш имам-хатибдерге кызматтын аманат экенин эскертип, «Ар бир кылган кызматыбыз жалгыз гана Алланын ыраазычылыгы үчүн болуусу керек. Жыл башынан бери канчалаган иш-чараларды уюштуруп, элдин биримдиги, ынтымагы үчүн кызмат өтөдүңүздөр. Ушунуңуздардан жазбай, дагы да үлгүлүү иштерди жасай бериңиздер», – деп билдирди.