Лейлекте диний окуу курсун аяктагандарга сертификат тапшырылды

Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Ай-Көл айылындагы «Абдураим кызы Убадат» атындагы окуу жана билим берүү маданий борборунда Куран, фикх, акыйда жана араб тили сабактарынан уюштурулган төрт айлык курсу аяктап, курсту аяктагандарга окуу жайдын атайын сертификаты тапшырылды.

Бул аземге Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов, Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары Абдилашим Ормонов жана Ай-Көл айылынын айыл башчысы катышты.

«Абдураим кызы Убадат» атындагы окуу жана билим берүү маданий борборунун мүдүрү Ысакбай Кулматов сөз сүйлөп, окууну аяктагандарга ыраазычылык билдирип өттү.

«Пайгамбарыбызга биринчи түшкөн аят бул اقرا – окуу деген маанини билдирет. Адам баласына бешиктен кабырга чейин билим алуу парз. Ошондуктан сиздерге өтө ырызы болуп олтурам. Себеби чоң апа, чоң аталар бар экенсиздер. Ушул жерден алган илимиңиздер акыретте башыныздарга көлөкө болсун. Кабырыныздарды нурлантып турсун», – деди Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов.

Эскерте кетсек, аталган окуу курсун 11 эркек, 10 аял окуп бүтүрдү.