Балыкчы шаардык мэриясы жана “Ордо” муниципиалдык жаштар борбору тарабынан форум уюштурулуп, ага Чойбек ажы Исакунов катышты

Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен жалпы элдин, коомчулуктун ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында шаардык мэрия жана “Ордо” муниципиалдык жаштар борбору тарабынан форум уюштурулду. Форумдун жүрүшүндө ынтымак, биримдик, ата-эненин ролу жана мээрими туурасында, ошондой эле илимсиздик, жакырчылык маселелеринин терс таасири жөнүндлө кеңири талкууланды. Форумга ЖК депутаты Максат Сарбагышов жана бир катар бийлик өкүлдөрү катышты.

Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби, казынын орун басары Чойбек ажы Исакунов бүгүнкү күндөгү болуп жаткан көрүнүштөр жана аткарылып жаткан алдын алуу профилактикалык, түшүндүрүү иштери туурасында баяндама жасады. Ошондой эле шаардык мечиттердин жамааттарынын демилгеси менен ислам динин жайылтууда зор иштерди жасап кеткен маркум Абдуллах Мукамбет уулун эскерди.