Балыкчыда “ыймандуулукту диний маданият менен өнүктүрүү” аталышында иш-чара болуп өттү

Бул туурасында Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов билдирди.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Калилидин ажы Исаков (Молдо Халил) атайын иш сапары менен Балыкчы шаарынын “Ырыс” борбордук мечитинде эл менен жолугушту. “Бул иш-чаранын максаты жаш өспүрүмдөрдү жаман кулк-мүнөздөн арылтуу, терс жолдорго азыгырылуусунун алдын алуу аракеттеринин ыкмаларын талкуулоо болду”, – дейт өз сөзүндө Чойбек ажы Исакунов.

“Адеп-ахлак – адамдын жүрүм-турумунун негизи. Адамдын жүрүм-туруму жана мамилеси, анын жакшы кулк-мүнөзүнө байланыштуу болот. Адеп-ахлак, жүрүм-турумдун мыйзамы. Биз жакшы адеп-ахлактарды кармануу менен гана өзүбүздөн кийин жакшы урпактарды калтыра алабыз. Буга Пайгамбарыбыз (с.а.в.), анын халифалары жана алардын жолун жолдогондор эң жакшы далил боло алат”, – деп баса белгиледи Молдо Халил.

 Мындан сырткары жаштарды адепке, маданияттуулукка, мекенди сүйүүгө чакыруу менен биримдикте болууга чакырды.