Жалал-Абад казыятында жылды жыйынтыктоочу жыйын болуп, айрым баш имам-хатибдерге сөгүш берилди

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында облус казысы Нематулла ажы Жээнбековдун жетекчилиги астында казыят кызматкерлери жана 8 район, 4 шаардын баш имам-хатибдеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Анда негизинен мечиттердин каттоосу, “биргелешкен беш тараптуу иш планды аткаруу боюнча жүргүзүлгөн жумуштар”, “2022-2026-жылдагы КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы”, КР Президентинин №54 жарлыгы жана КМДБнын №01 фатвасы боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча ар бир район, шаарларда жыл ичинде аткарылган иш аракеттер угулду.

Отурумда облус казысы тарабынан жыл ичинде өз ишин так аткарбаган айрым баш-имам хатибдерге эскертүү, сөгүштөр берилсе, мыктыларына алкыш баракчалары жана ыраазычылык каттар берилди. Ошондой эле аткарылган иштердин отчёттору боюнча сөз болуп, кемчиликтерди жоюу тууралуу чукул тапшырмалар берилди.