Равшан ажы Эратов Сокулуктагы имамдарга семинар өтүп, матуридилик акыйдасы боюнча маалымат берди

КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы дин кызматкерлери менен жолугушуп, квалификациялык билимди жогорулатууга багытталган семинар өттү. Жолугушууда райондогу диний абал талкууланып, ынтымак-ырашкерлик жана биримдиктин маанилүүлүгү, ысырапкорчулуктун диний жана экономикалык кесепеттери талкууланды.

Ошондой эле ханафи мазхабынын келип чыгуу тарыхы, Имам Матуридинин өмүр таржымалы, эмгектери, ахли сүннөт акыйдасына кошкон салымы жөнүндө маалыматтр берилди.

Семинар Беловодское айылында да уланганын билдирген Равшан ажы Эратов матуридилик акыйдасы боюнча Алла Тааланын заты жана сыпаттарына басым жасалып, мушаббихат жана мужассимиттердин адашуулары жөнүндө сөз кылынып, суроо-жооп менен жыйынтыкталган.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрүү багытында диний агартуу кербенин уюштуруу жөнүндөгү буйругун аткаруу алкагында өткөрүлдү.