Кыргызстандагы диний билим берүүнүн тарыхы

Диний сабаттуулук – бул кайсы бир диндин моралдык, адеп-ахлактык жана маданий негиздеринин чегинде муундан муунга билим катары өткөрүлүүчү баалуулук жана адамзаттын өнүгүүсү. Кыргызстандагы диний билим берүүнүн системасы, ал жерде жашаган адамдардын тарыхына жана башынан ар кандай ишенимдерди кечирген көчмөн эл катары таанылган менталитетине байланыштуу түптөлгөн.

Кыргызстандын аймагында диний билим берүүнүн жана диний сабаттуулуктун тарыхы Орто Азиянын диний абалына жараша мааниге ээ болуп, атактуу аалым Имам Сарахсий жана Сиражидин Аль-Оший, Кады Хан аль-Узганди сымал илимпоздорго түздөн-түз байланышып, алардын доору диний билимдин жогорку деңгээлин түптөгөн Борбордук Азиядагы билим борбору деп таанылган Бухара, Самарканд, Фергана жана байыркы Ош шаарларына негиз алган. Кыргызстандагы диний сабаттуулук алгачкы мезгилден тартып Ханафий мазхабдын негизинде түптөлгөн. Билим берүүнүн ушул жолу, илим билим жагынан интеллекти жогору жана руханий жагынан жетишкен адамдарды даярдоо менен диний билим берүүнүн өнүгүүсүнө жол ачты. Натыйжада эл арасында илим жайылтуу менен алектенген “Кожо”, “Молдо” жана “Эшен” аталыштагы (феномен) түшүнүктөрү пайда болуп, адамдар аларды мугалим катары таанышкан. Буга мисал катары Молдо Ниязды, Нур молдо, Тоголок Молдону жана Молдо Кылыч жана башкаларды айтып өтсөк болот. Көңүл бурчу маселе, аты аталган адамдар өзүнүн диний сабаты жана мезгилиндеги саясий идеологиялык кырдаалага жараша эмгектери жана чыгармалары жөнөкөй коомдук, жүрүм-турумдук жана карым-катнаш маселелеринде шайкеш келгендиктен, идеологиялык куугунтукка кабылбастан, алардын эмгектери бизге түз келип жетип, аларды жумурай журт таанып билет. Имам Сарахсий учурда өзүнүн “Аль-Мабсут” деген 32 томдон турган эмгеги менен бүт ислам ааламына таанымал, Өзгөн шаарында төрөлүп, үлкөн илимге жетишип, ааламга аты кеткен аалымдан (сөөгү да ошол жерге коюлган) көпчүлүк кабарсыз. Мына ошондой эле башка дин илими менен алектенген атактуулардын дагы бири Фахр уд-Дин Абу аль-Махасин аль-Хасан ибн Мансур ибн Махмуд аль-Узганди (Өзгөндүк) аль-Фаргани аль-Ханафи, Кади Хан деген ат менен белгилүү (өлгөн: 592-ж. (х.ж.). Ал улуу имам, ханафи мазхабы боюнча эң чоң имамдардын бири болуп эсептелет. Анын фатвалар, Аль-Амали, Аль-Вакиат, Аль-Махадар, Шарх Аз-Заят, Шарх Аль-Жамиъ Ас-Сагир, “Казынын адеби” деген чыгармалары бар.

Кыргыз тарыхында диний билим берүү системасы, бала тарбиялоодогу негизги бөлүк катары кабыл алынган. Ошол себептен ар бир ата-эне балдарын молдонун колуна тапшырууга шарт түзүп, анын билимдүү болуусуна аракет кылышкан.

Диний билим берүүдөгү чоң өзгөрүү Орус Падышалыгынын жана Советтер Союзунун доорунда болуп өттү. Өзгөчө Орус Падышалыгынын доорунда Казан жана Уфа шаарларында диний билим берүү жана диний басылмалар күч алган. Алардын таасири астында Кыргызстанда да алгылыктуу иш аракеттер аткарылган. Ал эми Советтер Союзу мезгилинде учурдун атеисттик мүнөзүнө жараша диний билим берүү коомчулуктун муктаждыгын чече турган элемент катары кабыл алынбай калган. Ага карабастан Казан менен Уфа коом талабына ылайык диний билим берүүнү ошол учурдун талабына шайкеш уланта берген. Белгилүү коомдук ишмер, алгачкы интеллигент катары таанымал (албетте бул кийинки көз карашта) кирилл тамгаларына негиздеп, кыргыз алфавитин түзгөн илимпоз Ишенаалы Арабаев Уфадагы “Галия” медресесинде билим алган. Ал медресе бүгүнкү күнү да ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Идеологиялык кысымдын натыйжасында коомдун талабы артып, жооп бере турган шарт табылбагандыктан жергиликтүү салтка ылайык дин билимин жайылтуунун жаңы феномени пайда болду. Бул көрүнүш “хужра” деп аталып, жергиликтүү элдин үрп-адат, каада-салтына негизделген, советтик исламдын элеси пайда болду. Сырткы дүйнөдөн үзүлгөн, ошол эле учурда чет жактагы ислам ааламынын билим берүүдөгү маанилүү адабияттары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган, бирок мурас катары бааланган Борбор Азия элдерине таандык сабак берүү тартиби менен эски диний адабияттарды өчүрбөй сактап келди. Жергиликтүү элдеги диний сабаттуулуктун мындай абалы жаңыча тажрыйба сунду. Натыйжада жалпы мусулман калкы динге караганда үрп-адатка басым жасалган көз карашка ыңгайлашып, кайсы бир диний же саясий маселелерге либералдык мүнөздө кароого үйрөнө баштады.

Дин илимин окутууга кысым болушуна карабастан элибиздин чыгаан аалымдары ошол хужраларда Борбор Азия чөлкөмүнүн, мурунку Мавараун-Нахр мусуламнадарын дин илимин окутуу тартиби менен балдарды окутуп келишти. Борбор Азия чөлкөмүндө эзелтенден эле Ханафий мазхабы Матуридия акыйдасы бекем кармалып, медреселерде терең окутулуп келген. Ошол эчен деген жолду басып келе жаткан дин илимин окутуу тартиби, колдонулуучу китептери, Советтер Союзунун кысымына карабастан бизге чейин жетип келди. Хужра тартибинде дин сабактарын берүү ошол мезгилде азыркы кошуна мамлекеттерде да терең колдонулган. Кыргызстандын тарыхында хужра тартибинде бала окутуп, дин аалымдарын даярдаган молдолор дегенде Молдо Абдусаттар, Молдо Шамсидин, Молдо Ахун, Молдо Шахмухаммад, шейх Алаудин, Молдо Таалип, Молдо Шакир, Молдо Сабыр, Молдо Таабалды, Молдо Умарали, Темирбай ажы Орунбаев, Лугмар ажы Гуахунов, Залихаев Хабибуллах дамла жана башка аалымдардын аттары көзгө элестеп, тарых болуп калды.  

Ачык коомдун үлгүсүн кабыл алуу менен эгемендүүлүккө жетишкен жылдардан тарта, көптөгөн кыргызстандыктар алдыда бараткан чет өлкөлүк окуу борборлор менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бирок баарысы эле мындай окууга жетише алышкан жок. Арада жергиликтүү жеке адамдардын аракети менен алгачкы медреселер түптөлө баштады. Бир кылымга жакын кыймылсыз калган медресе билимканасынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу оңойго турган жок. Алардын материалдык техникалык базасын чыңдоо, юридикалык базасын аныктоо, окуу тарбиялык программаларын жазып чыгуу эбегейсиз күчтү талап кылды.

Эгемендүүлүккө жетишкен мезгилден бери өлкөдөгү диний билим берүү милдети Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасына жүктөлүп, алгачкы медреселер түптөлө баштады. 90-жылдардын башында Кыргызстандагы диний башкармалыктын башчысы (муфтий) Кимсанбай ажы Абдрахманов, Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулу, устаз Залихаев Мухаммад Хабибуллах ажылардын демилгеси менен Бишкек шаарында Ислам медресесин ачуу ою келип чыккан. Ошентип, 1991-жылдын башында өлкөбүздөгү жалпы мусулмандардын колдоосу менен Бишкек шаарында Азирети Умар атындагы Ислам медресеси ачылган жана ага Темирбай ажы Орунбаев алгачкы мүдүр болуп дайындалган.

Өнүгүүнүн туура багытын карманган медресе тез аранын ичинде эле, тагыраак айтканда, 1993-жылы КМДБнын алдындагы Азирети Умар атындагы Ислам институтуна айланган. Өлкөбүздөгү мусулман коомчулугунун арасында абройго жетише алган институт 2003-жылдын 25-апрелиндеги Кыргызстан мусулмандарынын III курултайынын жана Уламалар Кеңешинин чечими менен университет статусуна ээ болуп, Кыргызстан Ислам Университети (КИУ) деп аталып калган.

Медресе учурунда 4 гана устаз болгон болсо, институт кезинде (1998-ж.) 12 мугалим (устаз) жана 200дөн ашуун окуучу (талаба) болгон. Азыркы учурда университетте 70 ке жакын окутуучу эмгектенип, өлкөбүздүн ар кайсы аймагынан жана башка өлкөлөрдөн келген 800 дөн ашуун студент билим алууда. Окутуучулардын курамында араб мамлекеттеринен келген илимдин докторлору жана доценттери да бар.

Эгемендүүлүккө жетишкен жылдары хужраларда дини илимин окутуп келген устаздар эми алгачкылардын болуп өлкөнүн башка аймактарында да медреселерди ача баштады. Ош олблусунда 1992-жылы Молдо Умарали Бекмуратов жана Токтосун Жапаров ажылардын демилгеси менен Кара-Суудагы  Фуркат айында “Абдыжапар” ислам инситуту ачылды. Ысык-Көлдүн Каракол шаарында Анарбай ажы, Таласта Молдо Сатылган жана Бапиев Таалай молдолор алгачкылардан болуп медресе ачкан. Чүйдүн Токмок шаарында Лугмар ажы Гуахунов “Лукман аль-Хаким” ислам инситутун, Кара-Балтада молдо Калилидин Исаков “Осмон” атындагы ислам инситутун ачышты. Баткендин Өрүкзар айылда болсо муфтий болуп иштеп кеткен Молдо Абдусаттар дамла “Хазирети Усман” медресесин ачты. Баткендин Карабак айында (Каут) Баширов Молдо Шамсидин дамла “Абу Бакр” ислам медресесин ачкан. Төө-Моюнда  Талипжан дамла молдо “Фахрудун” медресесин ачты. Ноокатта Молдо Суламан ажы жана Турдубаев Маматкасым дамла Ноокаттын атактуу аалымы Таабалды ажы дамланын атына “Таабалды ажы” медресесин ачышты. Ошентип Советтер Союзунун доорунда бир кылымга жакын кыймылсыз жаткан медресе билимканасынын ишмердүүлүгү кайрадан жандана баштады. Бул медреселерде учурунда сабактар дүркүрөп жүрүп, көптөгөн аалымдарды даярдап чыгарды. Азыр ал медреселердин бүтүрүүчүлөрү муфтиятта, Аалымдар кеңешинде, казыяттарда жана медреселерде иштеп, элге ак кызмат кылып келишүүдө.

КМДБ диний окуу жайларда билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн тийиштүү окуу программаларын жана чечимдерди кабыл алып келген. Маркум муфтий Муратали ажы Жуманов 2003-жылы медреселер үчүн эң алгачкы бирдиктүү окуу программасын бекиткен. Ал кезде ислам диний маданияты кайрадан өнүгүп келе жаткан. Медреселер дагы саналуу болгон. Ошого жараша программасы дагы кыска төрт  жылдык болуп, Куран, тажвид, акыйда, фыкх, арап тили сыяктуу сабактар киргизилген.

Андан кийин Кыргызстанда диний билим берүүнү өнүктүрүү зарыл деген ураандар көтөрүлө баштаган. Ошол эле мезгилде ар түрдүү диний агымдар көбөйүп, коопсуздук маселеси да жаралган болчу. 2013-жылы КМДБнын диний билим берүү бөлүмүн башчасы Равшан ажы Эратов жана бөлүмдүн адиси Куштарбек Маматов ажылардын демилгеси менен Кыргызстандагы диний билим берүүнү өнүктүрүүнүн концепциясы жана бирдиктүү программанын жаңы долбоору иштелип чыкты. Концепцияда Кыргызстанда диний билим берүүнүн жаңы системасы жана багыттары белгиленди.  Биринчи жолу медреселер баскычтарга бөлүп, өз алдынча программалары иштелип чыкты. Бул долбоорду муфтият өзү эле бекитип койбостон медресе мугалимдеринин талкуусуна алып чыгып, кеңири талкуудан өткөрүлдү. Көптөгөн сунуш-пикирлер менен толукталды. Ошол талкууларды жыйынтыктоо максатында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2013-жылдын 10-15-апрель күндөрү «Исламда билим берүүнүн инновациялык методикалары» аталышындагы илимий-практикалык семинар уюштурду. Семинардын ачылыш аземи 2013-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарындагы Улуттук Тарых музейинде өткөрүлсө, семинардын калган бөлүгү Бишкек шаарындагы «Аль-Ыйман» мечитинде уланды. Семинарга Кыргызстандагы жалпы медресе мүдүрлөрү, мугалимдери, аксакал устаздардан Молдо Сабыр, Молдо Умарали, Молдо Халил Исаков, Кыргызстан Мусулмандарынын Азрети Муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев жана Диний билим берүү бөлүм башчысы Эратов Равшан ажы катышты. Муну менен катар семинарга КР билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынан Элдар Аттокуров, МУКК кызматкери А.Юсупов, КР Президентинин Аппаратынын этностук диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн өкүлү Нуржигит Кадырбеков, ДИМКнын директору Абдилатиф Жумабаев, САПтын Кыргызстандагы элчисинин жардамчысы Улан Багышов катышып, өздөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Беш күнгө созулган «Исламда билим берүүнүн инновациялык методикалары» аталышындагы илимий-практикалык семинар алкагында диний билимди өнүктүрүнүн консепцеясы, жаңы окуу программанын долбоору менен тааныштыруу, мүдүрлөрдүн сунуштарын кабыл алуу менен бирге диний билим берүүнүн бирдиктүү системасы жана бирдиктүү стандарттарын талкуулашты. Ал эми семинардын жыйынтыгында диний билим берүүнүн системесы, стандарттары жана бирдиктүү окуу программасынын долбоору жөнүндө бардык медреселердин мүдүрлөрү менен биргеликте Кыргызстандагы бардык диний окуу жайларга окуунун бирдей системасын, окууга киргизилген предметтер жана окуу материалдарынын бир системага салынышы боюнча бир пикирге келип, аталган долбоорду Аалымдар Кеңешинин мажлисине бекитүүгө сунушталды жана кабыл алынды.

Ошентип 2013-жылы Рахматулла Эгембердиевдин муфтийлик  доорунда Кыргызстан мусулмандар Уламалар кеңешине сунушталып, 14.05.2013-жылы №7 токтому менен Кыргызстандагы диний билим берүү Концепциясы жана жаңы бирдиктүү пограммасы  кабыл алынды.

Андан кийин Муфтий Рахматулла Эгембердиевдин 2013-жылы № 253 буйругу менен 2013-жылдын 1-сенябрынан баштап АКнын 14.05.2013-жылы №7 токтому менен бекитилген жаңы бирдиктүү окуу программасы ишке киригизилди.

Муфтий Рахматулла ажы  Эгембердиевтин 2013-жылы № 254 буйругу менен  АК жаңы кабыл алган концепцияга ылайык  медреселерди баскычтарга бөлүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул комиссияга ошол кездеги муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов, Лугмар ажы Гуахунов, Жоробай ажы Шергазиев, Жигитали ажы Исмаилов, Умарали ажы Бекмуратов, Талант ажы Жороев, Мукадас Кожониязов ажылар катышкан. Комиссия баардык медереселерди жеринен кыдырып, медресенин абалына жана устаздардын курамына карап, медреселерди башталгыч медерсе, орто медресе, жогорку медресе жана Куран жаттоочу каарыкана деген баскычтарга бөлүп чыгып, даяр болгон долбоорду бекитүү үчүн Азирети муфтийге сунушташкан.

2016-жылы муфтий Максабек ажы Токтомушевдин муфтийлик доорунда муфтийдин 02.02.2016 жылдагы №42 буйругу менен медреселер Куран жаттатуучу Каарыкана, Башталгыч медересе эки жылдык, Орто медресе үч жылдык жана Жогорку медресе беш жылдык деп баскычтарга бөлүндү. Буйрукка ылайык жыйырма беш медресе жогорку, жыйырма эки медресе орто, он эки медресе башталгыч, он бир медресе Куран жаттатуучу каарыкана деген чечим чыкты. Ошентип бүгүнкү күнгө чейин медреселер ошол кабыл алыган чечимдердин негизинде өнүгүп келе жатат.

Бүгүнкү күнү Аалымдар кеңеши тарабынан бекитилген бирдиктүү окутуу планынын негизинде өлкө боюнча диний билим берүүнүн бирдиктүү системасы иштейт. Өлкөдө диний билим берүү толугу менен КМДБ тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Медреселерде толугу менен ханафий мазхабы жана матуридия акыйдасынын негизинде сабактар жүргүзүлөт. Аны менен бирге мамлекеттик бир канча теологиялык багытта ачылган факультеттер жана теологиялык колледж иштейт. Жыл сайын республикабыздын ар кайсы аймактарында муктаждыкка жараша медреселер, ислам институттары ачыла баштады. Кыргызстан Ислам Университети өлкөдөгү илим билим министрлигинен лицензияга ээ жогорку диний окуу жайга айланды. Республика боюнча 1 университет, 8 институт, 22 жогорку медресе, 28 орто медресе, 20 атайын Куран медресеси жана 13 башталгыч медресе болуп жалпы 92 диний окуу жай ишмердүүлүк жүргүзүүдө. Бул окуу жайларда диний билим берүү мыйзамына ылайык, толук эмес орто билимге ээ болгон улан-кыздар билим алышууда. Мына ушул атайын дин билимин үйрөткөн медреселер менен катар бир канча аялдар борборлору да иштеп келет.

Мамлекет жетекчилери өлкө жарандары үчүн Башмыйзам кепилдигине кирген дин тутуу эркиндиги жашоодон туура орун табуусу үчүн зарыл болгон чечим, токтом жана мыйзамдарды коомдун талабына жараша иштеп чыгып, сунуштап турду.

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда, т.а. 2014-жылы 14-февралда Коргоо Кеңешинин отуруму болуп, ал жерде эгемендик 26 жыл ичинде алгачкы ирет мамлекетибиздеги диний чөйрөгө көңүл бурулду, эгемендүү мамлекеттин дин саясаты аныкталды. Эң негизгиси Кыргыз жергесине таандык мазхабдык Абу Ханифа жана акыйдалык Матуридия багыттары бекемделип белгиленди.

Эң орчундуусу КР президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ №203 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы кабыл алды. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы отурумунда кабыл алынды.

Концепция мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган конституциялык принцибинин негизинде (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренеси), мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кыларын (5-берене), ошондой эле Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес; дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган; диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат деген Конституциянын 7-беренесинин жоболорун эске алуу менен иштелип чыккан.

Бул Концепция – 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын «Мамлекеттик-диний жана конфессиялар аралык өз ара мамилелерди оптималдаштыруу» бөлүмүнүн приоритеттерин ишке ашыруу боюнча максаттарга, милдеттерге жана зарыл болгон чараларга мамлекеттин расмий өңүтүн билдирет.

Концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-февралындагы № 24 ПЖ «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу» Жарлыгын аткаруу үчүн иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин №936/1 буйругунун негизинде 2017-жылдын 7-июлунда Кыргызстан Ислам Университетине билим берүү тармагында билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия берилди. Лицензиянын негизинде Кыргызстан Ислам Университети бүтүрүүчүлөгө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берет.

КИУда учурда “теология жана табияттык-гуманитардык сабактар”, “Араб тили” жана “Шарият” кафедралары иш алып барууда. Кыргызстандагы диний окуу жайлардын флагманы болгон Кыргызстан Ислам Университети ислам тармагындагы жогорку билимдүү диний кызматкерлерди, дин адистерин даярдап келүүдө. КИУнун бүтүрүүчүлөрү жогорку Ислам окуу жайын бүтүп, “Араб тили жана шарият илимдери” адистиги боюнча дин тармагында жогорку даражадагы мударрис адистиги дипломуна ээ болушат. Университеттин бүтүрүүчүлөрү дин тармагындагы бардык жааттарда, ошондой эле ЖОЖдордо, элчиликтерде да алгылыктуу иштеп, диний үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, мамлекетибизге өз салымдарын кошуп келүүдө.

КМДБнын диний билим берүү бөлүмү эң алгачкы ачылган бөлүмдөрдөн. Муфтияттын бул бөлүмүндө Ниязали Арипов, Юсуф Балтабаев, Мамбетасан Ибраев, Равшан ажы Эратов, Замир кары Ракиев, Абибилла ажы Кадырбердиев, Акимжан ажы Эргешовдор эмгектенишип, өлкөдөгү медреселердин түптөлүшүнө жана иштешине салымдарын кошту. Муфтият диний билим берүү бөлүмү диний билим берүүчү окуу жайлары үчүн, окуу пландарын жана зарыл болгон иш пландарын даярдап берип, көзөмөлдөө аркылуу келечектеги билими терең, адеби жогору, коом менен жуурулуша алган, алардын көйгөйүн түшүнүү менен дин илиминин чегинде чече билген жөндөмдүү кадрларды даярдоого шарт түзөт. Республиканын аймагында жайгашкан бардык диний билим берүүчү окуу жайларды бирдиктүү окуу планы менен камсыздайт. Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамына ылайык чыккан жарлык, токтомдор менен кабардар кылат. Аалымдар кеңешинен жана КМДБ жетекчилигинен чыккан буйруктарды, тапшырмаларды, көрсөтмөлөрдү өз мезгилинде жеткирет. КМДБ аркылуу жыйналган садага-битирден бөлүнгөн каражаттарды таркатат. КМДБ аркылуу берилген материалдык колдоолорду ишке ашырат. Колдонмо адабияттар, басылмалар, мүмкүнчүлүккө жараша диний адабияттар жана Курани Карим китеби менен камсыздап турат.

Ошондой эле окуу жай жетекчилери жана мугалимдери үчүн атайын тренинг, семинар жана конференцияларды, окуучулар үчүн мезгил-мезгили менен жолугушууларды, окуу жай жетекчилерин жана мугалимдердин квалификациясын көтөрүү максатында атайын окуу семинарларды, тегерек столдорду жана тарбиялык сааттарды өткөрүп келүүдө.

Окуу процессинин жүрүшүнө көзөмөл кылып, бирдиктүү окуу планынын ишке ашуусун, окутууда мазхабдык жана акыйдалык багыттын сакталуусун жыл жыйынтыгы экзамендеринде аттестациялык комиссиянын иш алып баруусун көзөмөлдөйт. Окуучулардагы адеп-ахлактык жана тарбиялык чектин төмөндөбөөсүн, билим алып жаткан окуучулардын арасында деструктивдүү пикир тараткандарга жол бербөөнү, окуучулардын арасында зомбулуктун алдын алууну, ар бир семестрдин аягында окуу жайлардан окуу процессине тиешелүү отчётторду алып турат.

Даярдаган: КМДБнын диний билим берүү бөлүмү