«Алсыздык – такыбалык эмес»

(иллюстрациялык сүрөт)

«Фатва башка, такыба башка» демекчи, такыбалык башкалардан өзгөчөлөнүп, этияттыкты жана көп ибадаттарды талап кылат. Такыба болууну каалаган адам үчүн бекем ден соолук маанилүү болуп эсептелет. Ал үчүн тазалык, туура тамактануу жана спорт менен алектенүү анын ден соолугун чыңдоого жардам берет. Анткени ислам дининде дене менен аткарылуучу ибадаттар басымдуулук кылат. Ошол себептен динибиз жалкоолукту жактырбайт. Ар дайым чыйрак болуу түрдүү оорулардын алдын алат. Ден соолугубуздун жакшы экендигине шүгүр келтирүү менен бирге аны сактоо милдет болуп саналат. Ден соолуктун кадырын билип, өз убагында бекем сактоо туурасында Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Беш нерсени беш нерсе келерден мурда пайдаланылып кал. Карылык келбестен жаштыгыңды, ооруп калардан мурда ден соолукту, кедей болуудан мурда байлыгыңды, бир нерсе менен алек болордон мурда бош убактыңды, өлүм келерден мурда өмүрүңдү» – деп айткан.

Ошондой эле башка бир хадисте: «Адамдар баркына жетпеген эки жакшылык бар. Алар ден соолук жана бош убакыт», – деп айтылган.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өзү да жакшы көрүп аткарган жана башкаларга да сунуш кылган ат чабыш, жаа атуу, күрөш, сууда сүзүү жана чуркоо адамдын күч-кубатын ашырып, ден соолугун бекем кылат.

Жогоруда аталган спорттун түрлөрү боюнча айтылган хадистер:

«Жаа атуу жана ат чабууну үйрөнүңүз»;

«Көңүл буруңуздар, күчтүүлүк жаа атууда»;

«Балдарыңыздарга жаа атууну, ат чабууну жана сууда сүзүүнү үйрөтүңүз».

Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сахабалар менен биргеликте умра ибадатын аткаруу үчүн Меккеге барышкан учурда, мушриктер аларды күзөтүп турушкандыктан, «байтулланы» таваф кылууда оң ийинин ачып: «Бүгүн бул ширк кылгандарга каршы өзүн күчтүү жана ылайыктуу көрсөтө турган жигиттерге Алла Таала ырайымын жаадырсын», – деп айткан. Андан кийин жалпы сахабалар оң желкесин ачып таваф кыла башташты. Аларды күзөтүп турган мушриктер, алардын айбаттуу жана кереметтүү жүрүштөрүнө таң калышты. Анткени, мушриктердин арасында мусулмандар Мадинага баргандан кийин абдан алсырап, ооруга чалдыгып, начар абалга түшүп калышкан деген ушак кептер айтылчу эле. Азыр болсо тескериси көрүнүшкө күбө болушуп, таң калуулары күч алган.

Кереметтүү Куранда: «…Душмандарыңарды коркунучта кармоо үчүн аларга каршы күч-кубат жана атчандарды толук даярдыкта кармагыла», – деп келет (Анфал сүрөсү, 60-аят).

Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Күчтүү мусулман алсыз мусулманга караганда жакшы жана Аллахка сүйкүмдүүрөөк», – деп айткан. Албетте спорт менен машыгуу өзүн жана өзгөлөрдү коргоо үчүн мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, көбүрөөк ибадат кылуу менен такыбалык жолун жолдоо мүмкүн. Айта кетчү нерсе такыбалык – бул алсыздык эмес.

Алла Таала баарыбызга жакшылык иштерди аткарууга, көбүрөөк ибадат кылуу үчүн күч-кубат жана бекем ден-соолук берсин.

Даярдаган: Акпарали уулу Алибек, Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси