САХАБАЛАРДЫН ДАРАЖАСЫ ТУУРАЛУУ

(иллюстрациялык сүрөт)

Суроо: Ассаламу алейкум, урматтуу дамлалар! Кечээ жакында социалдык тармактардан бир видео көрүп калдым. Чоң жыйында бир киши «ажылык фарз эмес, аны Умар (р.а.) бизнес үчүн эле ойлоп тапкан» деп сүйлөп жатыптыр. Ушул боюнча эмне дейсиздер?

Жооп: Ва алейкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух! Сахабалар тууралуу жакшы ойдо болуу, аларды урматтап сыйлоо жана аларга окшошууга аракет кылуу ар бир мусулмандын милдети, мусулмандардын ишеними жана Аллах Тааланын буйругу болуп саналат.

Куран Каримде Аллах Таала айтат:

قال تعالى: والسابقون الاولون من المهاجرين والانصار والذين اتبعوهم باحسان رضي الله عنهم ورضوا عنه واعد لهم جنات تجري تحتها الانهار خالدين فيها ابدا ذلك الفوز العظيم (التوبة :100).

«Жер которгондордон жана ансарлардан алгач ыйман келтиргендер жана жакшы иштерде аларды ээрчигендерден Аллах ыраазы болду. Аларда Аллахтан ыраазы болушту. Ошондуктан, Аллах алар үчүн ичинде түбөлүккө кала турган, алдыларынан дарыялар агып туруучу Бейиштерди даярдап койгон. Бул эн чоң ийгилик» (Тауба, 100-аят).

Бул аятта да эң биринчи жер которгондорду (мухажирлерди) жана Ансарларды мактап, алар үчүн өтө чоң жакшылыктар бар экенин Аллах Таала баса белгилеп кетти.

«Бадааиъу Сонааиъу» китебинде мындай келет:

«Сахабаларды тилдеп сөгүүдөн жана аларга жалаа жабуудан оолак болуу Ахлу Сунна жамаатынын эн чон шарттарынын бири».

Сахабалар жөнүндө көптөгөн хадистерде да айтылган, кээ бирине токтоло кетели:

عن ابي سعيد الخدري رضي الله عنه قال : قال رسول الله صلى الله عليه و سلم : لا تسبوا اصحابي فلو ان احدكم انفق مثل احد ذهبا ما بلغ مد احدهم و لا نصيفه . متفق عليه

Абу Саьиид Худрий (р.з.) риваят кылат. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат: «Менин сахабаларымды тилдебегиле, анткени силердин бирөөңөр Ухуд тоосундай алтынды садака кылса да, алардын бир алакан тамакты же жарымын садака кылганына да сообу жетпейт».

Анастан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат:

«Менин үммөтүмдүн ичинен сахабаларымдын мисалы, тамактагы туз сыяктуу, ал эми тамак тузсуз даамына келбейт». 

Хасан Басри (р.х) айтат: «Биздин туздарыбыз кетип жок болушту, эми биз кантип оңолобуз».

Демек урматтуу мусулман бир туугандар, сахабалардын акысына эч бирибиздин жаман сөз айтуубузга акыбыз жок! Ким тилдеп, жаман сөздөрдү айтып, жалаа жапкан болсо, өтө чоң күнөөнүн дарбазасын ачкан болот.

Сиз айткандай, Улуу сахаба, экинчи Халифа Умар (р.а) тууралуу интернет булактарында туура эмес сөздөрдү, б.а. Умар (р.а) бизнес үчүн ажылыкты жана умраны чыгарган деп айтып жатканы карандай жалаа. Ажылык бул Аллах Тааланын өкүмү, исламдын чоң парздарынын бири. Ал эми умра биздин сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүннөт амалы болуп эсептелет.

Куран Каримде мындай деп баяндалат:

«Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Аллах (ыраазычылыгы) үчүн Каабага ажылык кылуу милдети жүктөлдү» (Аали Имран, 97-аят).

Ажылык менен умраны Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам салаваты болсун) өзү аткарган жана мусулмандарга өкүм берген.

Ошондой эле Умар (р.а) боюнча хадистерди карайлы:

Ибн Умар (р.а) риваят кылат. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат:

«Албетте Аллах Таала акыйкатты Умардын (р.а) тилине жана жүрөгүнө (оюна) коюп койгон» (Тирмизи).

Укба Бин Амирден (р.а) риваят кылынганы боюнча Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат:

«Эгерде менден кийин Пайгамбар болгондо, анда Умар (р.а) пайгамбар болмок».

Ибн Аббастан (р.а) риваят. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:

«Оо Аллахым! Ислам динин Абу Жахил же Умар менен бекемде! Натыйжада пайгамбарыбыздын дубасы Умарга (р.а) насип кылып исламды кабыл алды, андан соң Харам мечитинде ачык-айкын намаз окуду».

Демек бардык сахабалар эң туура жолдо болушкан жана аларды тилдеген (сөккөн) адамдарды аалымдар өтө чоң адашуучу жана бузуку деп эсептешкен, о.э. алардын күбөлүгү да кабыл кылынбайт деп айтышкан.

Жогоруда айтылып өткөн аят жана хадистер эле эмес, балким башка көптөгөн аят-хадистерде сахабалардын даражалары, ийгиликтери жана алардын эң туура жолдо болгондугу тууралуу айтылган. Акыл калчаган адамдар үчүн  ушулардын өзү жетиштүү.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Сахабалардын наамына жалган-жалаа сөздөрдү буга чейин деле, азыр деле айтып жүргөн дин душмандары бар. Андайларга көңүл бурбооңуздарды суранабыз. Ошондой эле провокациялык маанайдагы жана кара ниеттүү монтаждалган видеолорду бөлүшпөөңүздөрдү өтүнөбүз.

Жооп берген: КМДБнын фатва бөлүмү