Азирети Муфтий башында турган агартуу кербени Нарындагы жолугушууларын жыйынтыктады

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмил ажы Асылбеков жана Нарын облустук казыятынын жетекчилигинен турган топ Нарын облусунда эл менен жолугушууларын жыйынтыктады.

Жолугушууларда ислам дининин асыл баалуулуктары, салттуу диний дүйнө тааным, матуридилик акыйдасы жана ханафи мазхабынын артыкчылыктары, ысырапкорчулукка жол койбоо, ынтымак жана биримдиктин мааниси сыяктуу лекциялар окулуп, насааттар айтылды.

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев ысырапкорчулуктун шарияттагы өкүмү жана кесепеттери боюнча тереңдетилген маалымат берсе, муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев матуридилик акыйдасынын акыйкаты жана Куран-хадистердеги далилдери боюнча лекция окуду. Ал эми Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмил ажы Асылбеков мазхаб кармануунун зарылдыгы боюнча баяндама жасап, фыкхий өңүттөгү суроолорго жооп берди.

Иш сапар алкагында Азирети Муфтий башында турган агартуу кербени Нарын шаарындагы Жүмамүдүн Шералиев атындагы муз.мектеп, «Юсуф Сыдык» медресеси жана борбордук мечиттерде эл менен жолукту.     

Эскерте кетсек, Азирети Муфтийдин аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрүүгө багытталган диний агартуу кербенин уюштуруу жөнүндөгү тапшырмасын аткаруу алкагында КМДБ жетекчилери аймактарда калайык менен жолугушууларды өткөрүп келет.