Ош облусунун казысы Өзгөн районунун имамдары менен жолугушуп, акыйда жана мазхаб боюнча сабак өттү

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев иш сапары менен Өзгөн районуна барды. Иш сапарынын алкагында райондун аймагындагы имамдар менен жолугушту. Анда имамдардын эл менен иштешүүдө жигердүү иш алып барууга жана салттуу динди жеткрүүдө имамдардын ролу чоң экендигине токтолду. Ошондой эле дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу максатында «Акыйда илиминин маанилүүлүгү жана ханафий мазхабын кармануунун зарылдыгы» аттуу темада сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө фикх илиминдеги талаш маселелер боюнча кенен түшүндүрүп, матуриди акыйдасынын келип чыгуу тарыхына токтолду.

«Биз акыйда илимине киришүүдөн мурда «акыйда» сөзүнүн сөздүк жана терминдик маанисин билип алышыбыз керек. Акыйда бул – ишеним, ишенич, көз караш деген маанилерди аңдатат. Терминдик (истилахий) мааниси: Ислам дининдеги эътикадий өкүмдөрдү үйрөнүү. Акыйдага байланыштуу өкүмдөр эътикадий жана амалий болуп эки түргө бөлүнөт. Эътикадий өкүмдөр дегенде, кескин түрдө ишенүүгө байланыштуу болгон шаръий (шарияттык) өкүмдөр түшүнүлөт. М: Алланын барлыгына, бирлигине, жалгыздыгына жана толук сыпаттары менен сыпатталганына ыйман келтирүү сыяктуу. Ал эми амалий өкүмдөр дегенде кескин ишенимден келип чыгып, аткара турган амалдарды иш жүзүнө ашырууга байланыштуу болгон шаръий өкүмдөр түшүнүлөт. М: ибадаттар жана муъамалаттар. Биздин ишеним-акыйдабыз Пайгамбарыбыз (с.а.в) жана сахабалардын диний түшүнүгүн критерий катары колдонуп калыпка салган улуу инсан бул – мазхаб башчы имамыбыз Абу Ханифа (р.а) болгон. Абу Ханифа (р.а) калыпка салган акыйданы, ар түрдүү терс агымдардын туура эмес көз караштарына раддия берип, коргоочулардын катарында тарыхта чукур из калтырган имам Матрудий (р.а) аны системалаштырган. Абу Ханифа (р.а) өзүнүн окуучулары менен бирге негиздеген фикх-калам илими дүйнө мусулмандарынын 90% пайызынан ашыгыраагын түзгөн Ахли сүннөттүн жарымынан көбүн кучагына алган. Ошентип Имам Азам (р.а) фикх жагына басым жасоо менен бирге, исламдын эки системалуу илимин негиздегендердин эң алгачкысы болгон», – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.