Өзгөн районунун имамдарына жыйын өткөрүлүп, жыл ичинде мыкты иш алып баргандар сыйланды (фото)

Өзгөн районунун жалпы имамдарына жыйын болуп өттү. Жыйында райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров жыл ичинде Өзгөн хатибияты тарабынан аткарылган иштер боюнча облус казысына жана райондогу имамдарга маалымат берди. Жыйындын жүрүшүндө казыят жана хатибият тарабынан берилген тапшырмаларды ыкчам аткарып, активдүү иш алып барган имамдарга хатибияттын «ыраазычылык каты» жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

«Урматтуу имам-дамлалар! Баарыңыздар эл башында турган инсансыздар, хатибияттын ишмердүлүгүндөгү жетишкендиктерде жана ийгиликтеринде сиздердин салымыңыздар чоң. Дагы да болсо талыкпай эмгектене бериңиздер. Буйруса келе жаткан 2023-жылда да көптөгөн иштерди жасайлы, элибизге, жерибизге ар дайым диний тармакта кызмат көрсөтө берели. Ошондой эле кыш мезгили да келди. Кыш бул – момундар үчүн берилген чоң бир нимат жана мүмкүнчүлүк. Бул кышты жөн өткөрүп жибербестен, андагы берекелүү убакыттардан пайдаланып, жумасына бир жолу болсо да илимибизди арттырып  калалы», – деди райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.