«Разва» медресесинде кесипке үйрөтүү бөлүмүндө окуган студенттерге сертификаттар тапшырылды

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы «Равза» медресесинин  кесипке үйрөтүү бөлүмүндө сертификат тапшыруу аземи болду. Аземге ДИМКнын Чүй облусундагы өкүлү Шүкүр Шерматов, Сокулук районунун баш имам-хатиби Икрам ажы Ырысбаев жана медресе жетекчилиги катышты.

Шүкүр Шерматов «Равза» медресесинин ишмердүүлүгүнөн кабар алып, тийиштүү документтери менен таанышты. Жыйынтыгында «жакшы» деген баасын берүү менен Өскөн Каландаров жетектеген медресе жамаатына ийгилик каалады.

Иш-чара соңунда Икрам ажы Ырысбаев Жаңы-Жер айылынын эли менен жолугуп, ынтымак, биримдик жана исламдын асыл баалуулуктары тууралуу насааттарды айтты.