Панфиловдо дин кызматкерлеринин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, мечиттердин каттоосу боюнча мониторинг жүргүзүлдү

Чүй облусунун Панфилов районундагы дин кызматкерлеринин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында төмөнкү маселелер каралды:

1) мечиттердин жылуулугу жана тазалыгы;

2) №05 токтомду өз убагында төгүү;

3) мечиттерди каттодон өткөрүү;

4) муфтияттан жана казыяттан берилген буйрук, тапшырмаларды убагында так аткаруу.

Жыйында мечиттердин каттоосуна басым жасалганын билдирген райондун баш имам-хатиби Джумабек Дуванаев буларга токтолду:

«Азыркы күндө Букара айылындагы мечиттин документи кароодо болсо, Эркин-Сай айылындагы мечиттин документтеринин бүтүшүнө аз калды. Чалдовар айылындагы мечит үчүн 200 адамдын колу топтолуп жатса, Октябрь айылындагы мечит үчүн 200 кишинин колу топтолуп бүтүп калды, аны жакында тапшырабыз. Ал эми Каптал-Арык айылындагы мечитти каттоодон өткөрдүк».