Нарында Азирети Муфтийдин катышуусунда ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча жыйын өттү

Нарын облусунун Нарын шаарында «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын облус аймагында аткарылышы боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга КРнын Президентинин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Азирети муфтий Замир кары Ракиев, муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмил ажы Асылбеков жана Нарын облусунун жалпы бийлик өкүлдөрү катышып, ысырапкорчулукка жол бербөө, ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча КР Президентинин жарлыгын ишке ашыруу багытындагы жыл башынан бери аткарылган иштер талкууланды.

Ошондой эле жолугушууга келген облус тургундарына ысырапкорчулук боюнча маалыматтар берилип, тиешелүү органдарга сунуштар айтылды.

“Керектүүдөн ашыкча колдонулган нерсенин баары ысырап. Алла Таала Куранда да “…жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла” деген. Алла Таала бизди жөн жерден ысырапкорчулуктан тыйбайт. Урматтуу бийлик өкүлдөрү! Сиздер, биз жана милиция кызматкерлери биргеликте ысырапкорчулукка каршы иш алып барбасак, биздин имамдардын колунан келбей калып жатат. Анткени алардын колунда эч кандай бийлик жок”, – деп билдирди Азирети Муфтий.

Сунушту эске алган облус жетекчиси Алтынбек Эргешов НОИИБнын начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Артисбековичке жана район акимдерине казыят жана хатибияттар менен биргелешип иштөөнү жаңы баскычка чыгаруу тапшырмасын берди.

Жыйын соңунда КРнын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Нарын облустук казыятынын бийлик өкүлдөрү менен биртоп жакшы иштерди алып барганына токтолуп, ыраазычылык сөзүн билдирди.