Раззаков шаарында жаңы мечит ишке берилди

Лейлек районунун Раззаков шаарына караштуу Мырза-Патча айылында “Молдо Ташмаат” мечитинин ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, казыяттын үгүт-насаат бөлүмүнүн жооптуу адиси Саидахмат ажы Аппазов, Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты.

Казынын орун басары Муса ажы Жолдошов: “Бул мечитте канчалаган намаз окулса, ошол намаздын сообу мечитке көмөк көрсөткөн адамдарга жетип турат. Бул мечитке салым кошкондордон Алла ыраазы болсун”, – деп билдирсе, Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов: “Жаңы мечиттиңиздер кут болсун, эми ушул мечиттин ичин жамаат менен толтуруп, жандандырыңыздар. Мечитке көмөк көрсөткөн ар бир инсанга ыраазычылык билдирем”, – деди өз куттуктоосунда.

Эскерте кетсек, эски мечиттин жанына салынган бул мечит “Исар” фонду жана Мырза-Патча айылынын тургундарынын колдоосу менен салынды. Жаңы мечит 300 адамга ылайыкталган.