ИСЛАМДА МУРАС УКУГУ

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен

Ааламдардын жаратуучусу, учурдун, өтмүштүн жана келечектин чыныгы ээси болгон, баарын көрүп-билип турган, баяндоочулардын эң мыктысы Аллага мактоолор болсун.

Ал бизге көрүүчү көздү, угуучу кулакты, бардык нерсени таразалап тактап, тарыхтан сабак алып, келечекке максат коё билген акылды берди. Ушунун баарын берип эле тим болбостон  татыктуу жашоо үчүн, өрнөктүү өмүргө жарык болгон акыретке жетелөөчү ислам динин берди.

Мына ошол ислам динин жеткирүү Алла менен адамдын ортосунда ортомчу болгон Пайгамбар деген наам берген ары оор, ары сыймыктуу, мойнуна жүктөлгөн дин үчүн биз үчүн кыйноо, кордук, шылдың дегендин түрүн көргөн, Алланын эң сүйүктүү пендеси Пайгамбарлардын мөөрү аталган Мухаммад Мустафага (саллаллаху алейхи васвллам) Алланын салам-салаваттары болсун.

Адамзат тарыхында өчпөс из калтырган деп эсептелген көптөгөн алп инсандардын аттарын угуп, алар жөнүндө айтылан жана жазылгандарды окуп жүрөбүз. Ал эми бүт ааламдын мугалими Пайгамбарыбыздын шакирттери, алптардын алпы, жалпы адамзаттын тарыхында кайталангыс орунга эгедер, балбылдап жанган чолпон жылдыз сымыл мартабалары бийик жана нукура өрнөктүү өмүрлөрү менен кылымдарды өзүнө суктантып, мезгил-мейкиндиктин чектеринен ашып өтүп, туура жолго чырак болуп, катаал жолдо өз пайгамбарына колдон келгенче, мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче жардам берип, исламды кабыл алып, анысы үчүн башкалардан камчы-таяк жеп, кызыл ала болуп сабалып, кээ бири дини үчүн шейит кетип, калганы үй-бүлөсүнөн, мал-мүлкүнөн кол жууп, акыры туулган жеринен дин үчүн, келечек үчүн качып чыккан. Мунун баары убактылуу экенин түшүнүп, Пайгамбар менен чогуу жүргөнүнө кубанган кутман сахабаларга Алла ыраазы болсун.

Кириш сөз

Ислам келгенге чейин күчтүү алсыздын, бай кедейдин, актар каралардын акысын тартып алчу. Аялды адам катары көрчү эмес. Согушка чыгып жүргөн адамдар гана мураска ээ болушчу. Ислам келип адилеттүүлүктү орнотуп, аялга да мурастан үлүш берди.

Мурас илими улуу илимдердин бири. Алла Таала бул илимди пайгамбарга же периштеге калтырбай, өзү ачыктаганы мурас илиминин өтө улуу илим экенинен кабар берип турат. Азирети Умар  (Алла андан ыраазы болсун) «Мурас илимин үйрөнгөлө, анткени ал диниңердин бир бөлүгү» деп айткан[1]. Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) башка бир сөзүндө: «Эгер силер ойносоңор жаа атып ойногула, а эгер сүйлөшсөңөр мурас жөнүндө сүйлөшкүлө» деп айткан. Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) мурас илиминин канчалык маанилүү экенин ачык аңдап билген. Хадисте Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи вассаллам):

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: (تعلموا الفرائض وعلموها الناس فإنها نصف العلم وهو ينسى، وهو أول شيء ينزع من أمتي) رواه ابن ماجه والدارقطني[2]

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты «Мурас илимин үйрөнгүлө жана аны үйрөткүлө, анткени ал илимдердин жарымы, бул илим үммөтүмдөн эң биринчи көтөрүлүп унутулат», – деп айткан. Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деп айткан:

(تعلموا الفرائض وعلموھا الناس ، فَإِني امرؤٌ مقبوض ، وإِنَّ ھذا العلم سَیُقبَضُ وتظھَرُ الفِتَن، حتى یختَلِفَ الرَجُلانِ في الفریضَةِ فلا یجدانِ من یفصِلُ بینَھُما

«Мурас илимин үйрөнгүлө жана аны үйрөткүлө, чындыгында мен кайтуучумун, бул илим да көтөрүлөт. Фитналар ачык болот, жада калса эки киши мурас маселеси тууралуу талашып, аны чечип бере турган адам таппайт», – деп айткан. Алла Таала Куранда:

يُوصِيكُمُ اللَّهُ فِي أَوْلادِكُمْ لِلذَّكَرِ مِثْلُ حَظِّ الْأُنْثَيَيْنِ فَإِنْ كُنَّ نِسَاءً فَوْقَ اثْنَتَيْنِ فَلَهُنَّ ثُلُثَا مَا تَرَكَ وَإِنْ كَانَتْ وَاحِدَةً فَلَهَا النِّصْفُ وَلِأَبَوَيْهِ لِكُلِّ وَاحِدٍ مِنْهُمَا السُّدُسُ مِمَّا تَرَكَ إِنْ كَانَ لَهُ وَلَدٌ فَإِنْ لَمْ يَكُنْ لَهُ وَلَدٌ وَوَرِثَهُ أَبَوَاهُ فَلِأُمِّهِ الثُّلُثُ فَإِنْ كَانَ لَهُ إِخْوَةٌ فَلِأُمِّهِ السُّدُسُ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصِي بِهَا أَوْ دَيْنٍ آبَاؤُكُمْ وَأَبْنَاؤُكُمْ لا تَدْرُونَ أَيُّهُمْ أَقْرَبُ لَكُمْ نَفْعاً فَرِيضَةً مِنَ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيماً حَكِيماً ( * ) وَلَكُمْ نِصْفُ مَا تَرَكَ أَزْوَاجُكُمْ إِنْ لَمْ يَكُنْ لَهُنَّ وَلَدٌ فَإِنْ كَانَ لَهُنَّ وَلَدٌ فَلَكُمُ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْنَ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصِينَ بِهَا أَوْ دَيْنٍ وَلَهُنَّ الرُّبُعُ مِمَّا تَرَكْتُمْ إِنْ لَمْ يَكُنْ لَكُمْ وَلَدٌ فَإِنْ كَانَ لَكُمْ وَلَدٌ فَلَهُنَّ الثُّمُنُ مِمَّا تَرَكْتُمْ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ تُوصُونَ بِهَا أَوْ دَيْنٍ وَإِنْ كَانَ رَجُلٌ يُورَثُ كَلالَةً أَوِ امْرَأَةٌ وَلَهُ أَخٌ أَوْ أُخْتٌ فَلِكُلِّ وَاحِدٍ مِنْهُمَا السُّدُسُ فَإِنْ كَانُوا أَكْثَرَ مِنْ ذَلِكَ فَهُمْ شُرَكَاءُ فِي الثُّلُثِ مِنْ بَعْدِ وَصِيَّةٍ يُوصَى بِهَا أَوْ دَيْنٍ غَيْرَ مُضَارٍّ وَصِيَّةً مِنَ اللَّهِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَلِيم[3]

11. Алла силерге балдарыңар тууралуу да көргөзмө берет: (алуучу) Эркек бала болсо эки кыздын үлүшүнө барабар (алат). А эгер – аялдар экиден ашык болсо, анда ал калтыргандын үчтөн бир бөлүгү (берилет); а бир эле (кыз) болсо, анда ага (мурастын) жарымы (үлүшү) берилет. А эгер анын (маркумдун) баласы бар болсо, өлгөндүн ата-энесине алардын ар бирине ал калтыргандын алтыдан бир бөлүгү (берилет). А эгер анын баласы жок болсо, анда ага ата-энеси гана мураскер болот да, энеси үчтөн бир бөлүгүн алат. Эгер (маркумдун) эркек бир туугандары бар болсо, анда энесине мурастын алтыдан бир бөлүгү (калат). Керээз кылып калтырган осуятын (аткаргандан) кийин же карызын берген соң, силердин ата-энеңердин же балдарыңардын кимисинен көбүрөөк пайда экенин силер билбейсиңер. Ошондуктан Алла (мурасты) парз кылып койгон. Алла Билүүчү, Даанышман.
12.Эгер (ал аялдардын) баласы жок болсо, анда силерге аялыңар калтыргандын тең жарымы (калат). Эгер анын баласы бар болсо, анда силерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп жана карыздарды төлөгөн соң төрттөн бир бөлүгү (калат). Силердин жесир калган аялдарыңардан, эгер силерде бала жок болсо, анда силер калтыргандын төрттөн бир бөлүгү, а эгер силерде бала бар болсо, анда жесирлерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп бүткөндөн жана карыздарды төлөгөндөн соң, сегизден бир бөлүгү (калат). А эгерде эркекте ата да, бала да болбосо же аялда түздөн-түз мураскорлор жок болсо, анда анын ага-(иниси) же эже-(сиңдиси) алардын ар бири алтыдан бир бөлүгүн алат. А эгер алар (мураскорлор) экиден көп болсо, анда мурастын үчтөн бир бөлүгүндө алар шериктеш болушат. Алланын көрсөтмөсү боюнча эч кимге зыян келтирбей карыздарды төлөп бүткөн соң (берилет). Акыйкатта, Алла Билүүчү, Жумшак:                           (لِلرِّجَالِ نَصِيبٌ مِمَّا تَرَكَ الْوَالِدَانِ وَالْأَقْرَبُونَ وَلِلنِّسَاءِ نَصِيبٌ

مِمَّا تَرَكَ الْوَالِدَانِ وَالْأَقْرَبُونَ مِمَّا قَلَّ مِنْهُ أَوْ كَثُرَ نَصِيباً مَفْرُوضاً )[4] 

7. Эркектерге ата-энеси жана туугандары калтыргандан үлүш бар. Аялга да ата-энеси, туугандары калтыргандан үлүш бар. Аз болсо да, көп болсо да парз кылынган үлүш (болуп эсептелет).

( يَسْتَفْتُونَكَ قُلِ اللَّهُ يُفْتِيكُمْ فِي الْكَلالَةِ إِنِ امْرُؤٌ هَلَكَ لَيْسَ لَهُ وَلَدٌ وَلَهُ أُخْتٌ فَلَهَا نِصْفُ مَا تَرَكَ وَهُوَ يَرِثُهَا إِنْ لَمْ يَكُنْ لَهَا وَلَدٌ فَإِنْ كَانَتَا اثْنَتَيْنِ فَلَهُمَا الثُّلُثَانِ مِمَّا تَرَكَ وَإِنْ كَانُوا إِخْوَةً رِجَالاً وَنِسَاءً فَلِلذَّكَرِ مِثْلُ حَظِّ الْأُنْثَيَيْنِ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ أَنْ تَضِلُّوا وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ)[5] 

176. Сенден чечим чыгарууңду талап кылышат. (Аларга «Алла Өзү силерге атасы да, баласы да жок (киши) жөнүндө чечим чыгарып берет. Баласыз бир адам өлүп, анын эжеси болсо, анда ага ал калтыргандын жарымы берилет. Ошондой эле, ал (эркек) да, эгер ал аялдын баласы болбосо (аял) калтыргандын баарын мураска алат. Эгер алар (эже-сиңди) экөө болсо, ал калтыргандын үчтөн бир бөлүгүн алышат. А эгер алар эркек, ургаачы бир туугандар болсо, эркекке эки аялдын үлүшү тиет. Алла силерге туура жолдон чыкпооңор үчүн (Өз көрсөтмөлөрүн) баяндайт. Алла бардык нерселерди Билүүчү! 

Мурас алуучулар

Мурас алуучулар үчөө;

  1. Насабы бир болушу керек, (насаб деп ата-энеден таркагандарды айтабыз).
  2. Никелеш жубайлар, нике себептүү жубайы жолдошунан, жолдошу жубайынан мурас алууга акылуу болот.
  3. Кул азат кылган кожоюн, (эгер кожоюн кулун азат кылса, анан ал кулу  байып кетсе, кулдун мураскору жок каза болсо, жанагы азат кылган кожоюну мураска ээ болот).

Мурас алуудан тыйылгандар

Мурас алууга укугу бар мураскерлердин мурастан тыйылуусу;

Буларда үчөө:

1. Өлтүрүү (эгер мурас алуучу маркумду (мураска калган байлыктын ээсин) өлтүрсө, мурас алуу укугунан ажыратылат). Себеби, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) хадисинде айткан: ليس للقاتل من تركة المقتول شئ[6] «Өлтүрүүчүгө өлгөндүн калтырганынан эч нерсе жок».  

2. Кул (кул өз кожоюнунан азат кылынсын-кылынбасын мурас албайт).

3. Дининен чыккан (ислам дининен чыккан адам ислам дининдеги туугандарынан мурас ала албайт).

Мурастын түркүктөрү

Мурастын түркүктөрү үчөө:

  1. Мурас алуучу (ал адам тирүү болушу шарт, себеби ага мурас өткөрүлүп берилет).
  2. Маркум (өлгөндүгү аныкталган маркум).
  3. Байлык (маркумдан калган жалпы байлык).

Мурастын шарттары

Мурастын шарттары үчөө:

1. Мал ээси каза болгондугу. Бул үчкө болүнөт:

А)  Каза болгондугу анык (жаназасына күбө болушат же каза болду деп угулат же күбө тургузат).

Б) Казынын өкүмү менен каза болду деп өкүм чыгат (жоголгонго өлдү деп өкүм чыгарган сымал).

В) Эненин курсагындагы баланын каза болгондугу.

2. Мал ээси каза болгондо мураскердин тирүү болуусу шарт.

3. Мурасты алууда эч кандай тыюучу нерсе болбошу керек. Ошондой эле мурас алуучу маркумдун мурас алуучуларынан болушу шарт жана жогоруда айтылган мурастан тыюучу нерселердин бири да болбошу керек (мал ээсин өлтүрбөшү керек, дининен чыкпашы керек, кул болбошу керек).

Эркектерден болгон мурас алуучулар:

  1. Бала.
  2. Баланын баласы, андан төмөн көздөй кете берет (бала, баланын баласы, анын баласы).
  3. Атасы.
  4. Чоң атасынан жогору көзөп кете берет (ата, чоң ата, андан ары).
  5. Агасы же иниси.

Бул үчкө бөлүнөт. 1-Бир тууган агасы же иниси. 2-Атасынын агасы же иниси. 3- Апасынын агасы же иниси.

  • Баланын бир туугандары.
  • Абасы.
  • Баланын абасы.
  • Жолдошу.
  • Азат кылган кожоюну.

      Аялдардан мурас алуучулар (алар жетөө):

  1. Кызы.
  2. Кызынын уул баласы (бирөө болсун, көп болсун айырма жок, төмөн көздөй кете берет).
  3. Апасы.
  4. Чоң энеси (1-чоң энеси, 2-тай энеси).
  5. Эже карындашы, булар да үчкө бөлүнөт (1-бир тууган эже-карындашы, 2- атасынын эже-карындашы, 3- апасынын эже-карындашы.
  6. Жубайы.
  7. Азат кылган кожойкеси.

Мурас алуунун эки жолу бар:

  1. Парз жолу менен, башкача айтканда Куранда Алла Тааладан келген жол менен бөлүштүрүү.
  2. Асаба жолу менен, башкача айтканда, шарият көрсөткөн өлчөмдөрдү бергенден кийинки калган байлыктын баарын алуу.

 Куранда келген так үлүштөр алтоо:

  1. Экиден бири
  2. Төрттөн бири
  3. Сегизден бири
  4. Үчтөн экиси
  5. Үчтөн бири
  6. Алтыдан бири

(жарымы, анын жарымы, анын жарымы, Үчтөн экиси, анын жарымы, анын жарымы).

Байлыктын жарымын алчуулар бешөө:

  1. Жолдошу. Жолдошу мурастын жарымын алууга акылуу, каза болгон жубайынын уул-кыздары жок болгону үчүн (ал уул-кыздар экөөнүн уул-кыздары болсун же башка жубайынан болсун айырмасы жок).

Мисалы: Жубайы каза болду. Жолдошу жана атасы калды. Калган мурас       10 000 сом.                  

маркум10 0002
2\1Жолдошу5 000
асабаатасы5 000

Ачыктама:

Маселеге 2 ден бергенибиз дурус болду, 10 000 ди 2ге бөлүп. 5000ди жолдошуна, жарымын (каза болгон жубайынын уул-кыздары жок болгону үчүн). Атасына калган байлыктын баарын алат (жолдошуна бөлүнгөндөн кийин).

  • Кызы мурастын жарымын алат, эгер бала жок болсо жана да кыз жалгыз болсо. Мына ушу эки шартта гана мурастын жарымына ээ болот.
  • Кызынын кызы.
  • Бир тууган эже-карындаштары.
  • Атасынын эже-карындаштары.

(Эгер кыз жок болсо, анда кыздын баласы алат, ал да жок болуп калса бир тууган эже-карындаштары алат, эгер алар да жок болуп калса анда атасынын эже-карындаштары алат).

Мисалы: Кыздын атасы каза болду, кызы жана иниси калды. Маркумдан калган акча 5 000 сом.

маркум5 0002
2\1Кыз2500
Калгандын баарынАгасы же иниси2500

Ачыктама:

Маселеге 2 ден бергенибиз дурус болду. Анткени 2 бөлчөктүн эң кичине саны, 5000ди 2ге бөлөбүз, 2500 кызына (уул-балдар жок жана кыз жалгыз болгону үчүн).

Агасы калган акчанын баарын алат (кызына бөлүнгөндөн кийин) асаба болгону үчүн.

Төрттөн бирин алуучулар экиге бөлүнөт:

  1. Жолдошу – мурастын 4\1 алууга акылуу, каза болгон жубайынын уул-кыздары жок болгону үчүн (ал уул-кыздар экөөнүн уул-кыздары болсун же башка жубайынан болсун айырмасы жок).
  2. Жубайы – мурастын 4\1 алууга акылуу, каза болгон жолдошунун уул-кыздары жок болгону үчүн (ал уул-кыздар экөөнүн уул-кыздары болсун же башка жолдошунан болсун айырмасы жок).

Мисалы: жолдошу каза болду, жубайы жана агасы артында калды. Калган акча 8 000 сом.

маркум8 0004
4\1жубайы2000
Калгандын баарынагасы6000

Ачыктама:

маселеге 4төн беребиз, анткени эң кичине бөлчөк 8000ди 4кө бөлөбүз, анын 4\1 жубайына 2000 ( мурас алуучу бир тууганы жок болгону үчүн).

Агасы калган акчанын баарын алат (каза болгондун жубайына бөлүнгөндөн кийин) асаба болгону үчүн.

Сегизден бирин алуучулар бирөө:

Жубайы – мурастын жарымын алууга акылуу, каза болгон жолдошунун уул-кыздары жок кезде (маркумдун төрт аялы болсо да 8\1 берилет, баары 8\1ди бөлүп алышат).

Мисалы: Жолдошу каза болду, аялы жана баласы калды. Калган акча 8000 сом.

Маркум80008
8\1Жубайы1000
Калгандын баарынбаласы7000

Ачыктама:

Аялына 8\1 берилет баласы болгону үчүн (ал уул-кыздар экөөнүн уул-кыздары болсун же башкадан болсун айырмасы жок).

Баласына (маркумдун жубайына берилген соң) калган акчанын баарын беребиз, асаба болгону үчүн.

    Үчтөн экисин алчуулар төртөө:

  1. Кыздары – арасында эркек болсо.
  2. Баласынын кыздары – арасында эркек болуп, кыз же кыздар жок болсо.
  3. Бир туган эже-карындаштары – арасында эркек болуп, кыздар жана баланын кыздары жок болсо.
  4. Атасынын эже-карындаштары – арасында эркек болуп, кыздар жана баланын кыздары жок болсо жана маркумдун бир тууган эже – карындаштары жок болсо.

А. Мурас илиминде الجمع – деген сөз бирден көп болсо, башкача айтканда, экөө же үчөө же андан көптү айтат, нахви эрежесине каршы, нахвиде үч же андан көптү الجمع деп айтылат.

Б. المعصب – ал эркек аялдар менен бирге келген.

 1.  Кыздары менен баласы.

2. Баласынын кыздары менен баласынын баласы.

3. Бир тууган эже-карындаштары менен бир тууган ага-инилери.

4. Атасынын эже-карындаштары менен атасынын бир тууган ага-инилери.

В. Мурасты бөлүштүрүүдө кыздардан башталат, эгер кыздар жок болсо баланын кыздарына, эгер алар да жок болсо анда маркумдун бир тууган эже-карындаштарына, эгер алар да жок болсо, анда атасынын эже-карындаштарына берилет.

Мисалы: Эркек каза болду, калтырган байлыгы 9 000. Эки кызы жана агасына маркумдан калган байлыкты бөлүштүрөбүз.

Маркум9 0003
3\2Эки кызы6 000
Калгандын баарынАгасы3 000

Ачыктама:

9 000 / 3 = 3000 /3000 + 3000 = 6000. Эки кызга, арасында эркек болгону үчүн. 3 000 агасына, башка мурас алуучулар жок болгону үчүн.

Үчтөн бирин алуучулар экөө:

  1. Апасы эки шарт менен мурастын 3\1 алат.

      А. Маркумдун уул-кыздары жок кезде алат, (уул-кыздары, уулунун уулдары, кызынын уулдары, алар жок кезде маркумдун апасы 3\1 алат).

      Б. Маркумдун бир эле тууганы болсо алат, бирден көп болсо албайт, (эки эркек же эки аял же бир эркек бир аял болсо да айырмасы жок апасы 3\1 албайт).

Мисалы: Баласы каза болду, апасы жана агасына калган байлыкты бөлүштүрөбүз, калган байлык 6 000 сом.

Маркум6 000    3
3\1Апасы3 000
Калган акчанын баарыАгасы3 000

Ачыктама:

Апасы үчүн 3\1 маркумдун уул-кыздары жок болгону үчүн жана тууганы бирөө болгону үчүн. Агасына калган акчанын баары, асаба болгону үчүн. Бул маселеден эки түрлүү маселе ажырап чыгат.

  1. Маркумдун жолдошу жана ата-энеси бар.
  2. Маркумдун жубайы же жубайлары жана ата-энеси бар. Бул Азирети Умар бин аль-Хаттабдын ижтихады, тапкычтыгы, Куранга жана хадиске дал келген чечим.[7]
Маркум12 000    6
2\1Жолдошу6 000
3\1 калган акчанынАпасы2 000
Калган акчанын баарыАтасы4 000

Ачыктама:

Маркумдан калган акча 12 000. Маселени чыгаруу үчүн эң кичине бөлчөк саны алты. Жолдошуна 2\1, себеби балдары жок болгону үчүн. Апасына 3\1 (жолдошуна бөлгөндөн калган акчанын). Атасына калган акчанын баары.

Маркум12 000   4
4\1Жубайы (жубайлары)3 000
3\1 калган акчанынАпасы3 000
 Калган акчанын баарыАтасы6 000

Ачыктама:

Маркумдан калган акча 12 000. Маселени чыгаруу үчүн эң кичине бөлчөк саны төрт. Жубайына 4\1 балдары жок болгону үчүн. Апасына 3\1 (жубайына бөлгөндөн калган акчанын). Атасына калган акчанын баары.

    2.  Апасы балдары менен:

  Жогоруда өткөндөрдүн мисалдары.

  1. Мисал: Жубайы каза болду, күйөөсү, апасы, бир тууган агасы.
маркум6 000   6
2\1Жолдошу3000
3\1Апасы2000
عБир тууган агасы1000

Ачыктама:

Жолдошуна жарымын (мурас алуучулар жок болгону үчүн). Апасына 3\1 ( мурас алуучулар жок болгону үчүн жана тууганы бирөө болгону үчүн. Бир тууган агасына калган акчанын баарын беребиз, асаба болгону үчүн.

  • Мисал: Эркек каза болду, жубайы, бир тууган агасы жана абасы.
Маркум 4 0004
4\1Жубайы1000
2\1Бир тууган эжеси2000
عАбасы1000

Ачыктама:

Жубайына 4\1 (Мурас алуучу жакындары жок болгону үчүн). Бир тууган эжесине жарымын беребиз (мурас алуучу бир тууган ага-иниси жок болгону үчүн). Абасына калган акчанын баарын беребиз, асаба болгону үчүн.

  • Мисал: Эркек каза болду, жубайы, бир тууган эжелери жана абасы.
Маркум12 000   12
4\1Жубайы3000
3\2Эки эжеси8000
عАгасы1000

Ачыктама:

Жубайына 4\1 (Мурас алуучу жакындары жок болгону үчүн). Бир тууган эки эжесине 3\2 беребиз (экөө болгону үчүн,  мурас алуучу бир тууган ага-иниси жок болгону үчүн). Абасына калган акчанын баарын беребиз, асаба болгону үчүн.

               Алтыдан бирин алчуулар жетөө:

  1. Атасы – Маркумдун балдары бар кезде.
  2. Апасы – Маркумдун балдары бар кезде же бир туугандары бирден көп болгон кезде. Ата-эне 6\1 алууга акылуу болот эгерде бала болгон кезде.

@КМДБ


[1]Даримий, сахих

[2]https://ar.wikipedia.org/w/index.php?title=%D8%B9%D9%84%D9%85_%D8%A7%D9%84%D9%81%D8%B1%D8%A7%D8%A6%D8%B6&action=edit§ion=1

[3](النساء: الآية 11 و 12)

[4](النساء:7)

[5](النساء:176)

[6]صححه ابن عبد البر وغيره

[7]احمد ناعس