Самидин кары Атабаев имамдардын кезектеги окуу курсун жыйынтыктап, ахли сүннөт акыйдасы боюнча лекция окуду

Бишкек шаарындагы «Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы» атындагы мечит-медресесинде Муфтияттын демилгеси менен уюштурулган аймактардагы дин кызматкерлерин окутуу курсунун кезектеги айлампасы жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага Азирети Муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев баштаган дин аалымдары жана устаздар катышты. Жыйынтыктоочу сабакта Самидин кары Атабаев «Ахли сүннөттүн матуридилик акыйдасы» аттуу темада дарс окуду.

«Акыйда дин илимдеринин алтын таажысы. Башка илимдерди жетик өздөштүрүп, бирок акыйдалык билими тайыз болгондор эртеби-кечпи адашууга кириптер болушу мүмкүн. Себеби, акыйда диндин өзөгүн түзүп, эң шарапаттуу илим болуп саналат», – деп билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө китеп окуу боюнча атайын конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

Эскерте кетсек, аталган курска ар бир облустан дин кызматкерлери келген жана мындай окутуулар пландуу түрдө жүргүзүлмөкчү.