Аалымдар Кеңеши өлкөдөгү диний абалды талкуулап, Муфтияттын отчётун укту

Бүгүн, 19-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анын алкагында өлкөдөгү диний абал талкууланды.

Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын отчёту угулуп, Аалымдар Кеңеши Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнө «жакшы» деген баасын берди.

Мындан тышкары Муфтиятка бир катар сунуштар жана тапшырмалар берилип, анын үстүнөн иштөө боюнча Азирети Муфтийдин орун басарларына, бөлүм башчыларга милдеттенмелер жүктөлдү.

Жыйынга Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары Фархат ажы Юсупов, Кенжетай ажы Курманходжаев жана АКнын мүчөлөрү катышты.