САПАРДАГЫ СҮННӨТ НАМАЗДАР

Ырайымдуу жана Боорукер АллахТааланын ысымы менен!

Жараткан Аллах Таалага Өзүнүн улуулугуна ылайык мактоо-алкыштар болсун!

Сүйүктүү Пайгамбарыбызга Аллахтын саламы жана рахматы болсун!

Ислам дини оор жагдайларда ибадаттарды жеңилдетүүгө жол ачып, анын өзүнчө жол-жоболорун, эрежелерин койгон. Мындай оор учурлардын бири – сапар учуру. Сапар намазы жөнүндө Ыйык Куранда төмөнкүчө буюрулат:

وَإِذَا ضَرَبْتُمْ فِي الْأَرْضِ فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَنْ تَقْصُرُوا مِنَ الصَّلَاةِ … ﴿١٠١﴾

«Сапарга чыкканыңарда намазыңарды кыскартып окусаңар болот, күнөө болбойт…» (Ниса сүрөсү,101-аят).

Ошону менен бирге куттуу хадистерде Азирети Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) сапар учурунда намаздарын кыскартып окугандыгы тууралуу маалыматтар бар.

Адам кайсыл учурда жолоочу болуп эсептелери туурасында Ханафи мазхабында фатвага негиз катары каралган пикир боюнча, жолоочу эң кеминде үч күндүк аралыкты басып өтүүнү ниет кылуусу керек. Орто Азия (Маварауннахр) аалымдары бул аралыкты 100 километрден өйдө деп фатва беришкен. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши 2020-жылдын 19-августунда №10 Фатвасы менен сапарда намаздарды каср кылуу үчүн аралык (масафаи сафар) 120 км деп фатва чыгарган. Демек, мындан кыска аралыкка сапарга чыккан адам жолоочу деп эсептелбейт.

Жолоочу болуу үчүн отурукташкан чөлкөмдөн чыгуу кажет.

Жолоочу өкүмүндө болуу үчүн барган жерде 15 күндөн аз убакыт жүрүүгө ниет кылуу керек. Эгер барган жерде бир шаардын же бир айылдын өзүндө 15 күндөн ашык жүрө турган болсо, жергиликтүү адам сыяктуу эле намазын кыскартпай толук окуй берет. Эки шаар же эки айыл, тагыраагы бирден көп шаар же айылда 15 күн турууну ниет кылса мусапыр бойдон калат.

Ханафи мазхабы боюнча, жолоочулар үчүн төрт рекеттүү намаздарды эки рекет кылып окуу фарз. Эгер эки рекеттен ашык окушса, окулган ашыкча рекеттер нафил катары эсептелет, бирок муну менен күнөөкөр болот. Калган үч мазхаб боюнча, төрт рекеттүү намаздардын эки рекет болуп окулушу сүннөт. Тагыраак айтканда, жолоочу адам бул учурда кааласа төрт рекет, кааласа эки рекет окуйт.

Сапар учурунда төрт рекеттүү намаздар гана эки рекет болуп окулат. Үч рекеттүү жана эки рекет намаздар каср кылынбай окулат. Маселен, бешим, аср жана куптан намаздарынын төрт рекет фарзы кыскартылып эки рекет окулат. Ал эми багымдат менен шам намазы кыскартылбай толук бойдон эле окулат. Ошондой эле витр намазы да кыскартылбай, үч рекет окулат.

Бул учурда мүмкүнчүлүк болсо, фарз намаздар менен бирге муаккад сүннөттөрдү да окуу керек. Сапарда раватиб сүннөттөрдүн окулуш же окулбастыгы жөнүндө бир топ пикирлер айтылып жүрөт. “Сапарда фарз намаздар кыскарып жатат, демек сүнөттөр тап-такыр эле окулбаш керек”, – деген сөз тараганга чейин сапарда сүннөттөр окулуп келген. “Мусапырчылыкта сүннөттөрдү окубай коюу сүннөт” деген сөз жакында эле пайда болду. Ханафи мазхабынын аалымдары мазхабга таандык болгон фатааваа китептерде муну төмөнкүчө түшүндүрүп беришкен:

Сапарда раватиб сүнөттөрдүн “муаккада” деген сыпаты гана түшүп калганы менен “сүннөт” деген сыпаты тура берет. Сапарда болгон жолоочунун эки абалы болот. Бирөөсү “хаалати фирар”, экинчиси болсо “хаалати карар” деп аталат. “Хаалати фирар” дегени жолоочунун жолдо жүрүп бара жаткан абалы “халаати карар” болсо, жолоочунун бир дарекке жетип, ал жерде “сукна – туруу” үчүн жайгашканы айтылат. Тагыраагы он беш күндөн аз мөөнөткө туруу максатында токтогон жери.

يَأْتِي الْمُسَافِرُ بِالسُّنَنِ إِنْ كَانَ فِي حَالِ أَمْنٍ وَ قَرَارٍ وَ إِلَّا بِأَنْ كَانَ فِي خَوْفٍ وَ فِرَارٍ لَا يَأْتِي بِهَا, هُوَ الْمُخْتَارُ (حَاشِيَةُ ابْنِ عَابِدِينَ)

“Эгер амандык жана карар абалы болсо мусапыр адам сүннөттөрдү окуйт. Ал эми, коркунуч жана фирар абалы болсо, сүннөттөрдү окубаса болот” (Хашияту Ибну Аабидин).

Мусапыр адам биринчи – хаалати фирар абалында сүннөт намаздарды окуш же окубашта ыктыярдуу. Эгерде анын фарзга кошуп сүннөт намаздарын окугандыгы көп убакыт алып, сапарлаш шериктерине оор келсе сүннөттөрдү окубай таштап койсо болот. Ал эми убакыт кенен болсо сүннөттөрдү окуган жакшы. Бирок экинчи – хаалати карар абалында болсо сүннөттөрдү таштаганга болбойт. Аалымдарыбыз дагы эки абал бар, аларды “хаалати фирарга” кошсо болот деп айтышкан. Жолоочу жол жүрүп чарчап бир дарекке барганда, анын биринчи окуй турган намазын “хаалати фирар” абалындагы намазга окшотсо болот. Себеби бул адам аябай чарчагандыктан, ага сүннөтөрдү окубоого уруксат берилген. Ошондой эле дагы бир адам, турган жеринде иштерин бүтүрүп, кайрадан жолго чыгууга камынып калган учурда окуй турган акыркы намазы да “хаалати фирар” абалындагы намазга окшотулат. Мындай учурда да сүннөттөрдү таштоого уруксат берилет. Анткени ал киши аэропортко же вокзалга шашып турган болушу мүмкүн, андыктан бул кишинин да абалы “хаалати фирарга” окшотулган.

Сапарда сүннөттү окубай коюу сүннөт же сапарда сүннөттү окуса күнөө болот деген сөздү эч кайсы аалым айткан эмес. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) сапарда жүргөндө, жүрүп бараткан улоонун үстүндө болсо да сүннөттөрдү окугандыгы жөнүндө жана багымдаттын казасын каза кылганда сүннөтүн кошо окугандыгы жөнүндө да риваяттар бар.

عَنِ ابْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ: كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُصَلِّي فِى السَّفَرِ عَلَىٰ رَاحِلَتِهِ حَيْثُ تَوَجَّهَتْ بِهِ يُومِئُ إِيمَاءً صَلاَةَ اللَّيْلِ ، إِلاَّ الْفَرَائِضَ ….) رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ وَمُسْلِمٌ

Ибну Умар (разияллоху анхума) айтат: “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) сапарда фарздан башка түнкү намаздарды улоонун үстүндө улоосу каякка карап бара жатса, ошоякка жүздөнүп, имаа ишара менен окуй берген” (Имам Бухарий жана Муслим риваяты).

Байкаган болсоңуз хадисте “фарздан башка намаздар” деп айтылып жатат. Демек ал сүннөт намаздар болушу да толук ыктымал. Анын үстүнө “түнкү намаздарды” деп да айтылды. Бул дегени түнкү сапар күндүзгү сапарга караганда бир аз машакаттуу болуусу баарыбызга маалым, ошентсе да сапарда түнү жолдо жол жүрүп бара жаткан учурда да сүннөтөр ташталган эмес.

حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ عُبَيْدٍ الْمُحَارِبِيُّ، — يَعْنِي الْكُوفِيَّ حَدَّثَنَا عَلِيُّ بْنُ هَاشِمٍ، عَنِ ابْنِ أَبِي لَيْلَى، عَنْ عَطِيَّةَ، وَنَافِعٍ، عَنِ ابْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا، قَالَ: صَلَّيْتُ مَعَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي الْحَضَرِ وَالسَّفَرِ فَصَلَّيْتُ مَعَهُ فِي الْحَضَرِ الظُّهْرَ أَرْبَعًا وَبَعْدَهَا رَكْعَتَيْنِ وَصَلَّيْتُ مَعَهُ فِي السَّفَرِ الظُّهْرَ رَكْعَتَيْنِ وَبَعْدَهَا رَكْعَتَيْنِ وَالْعَصْرَ رَكْعَتَيْنِ وَلَمْ يُصَلِّ بَعْدَهَا شَيْئًا وَالْمَغْرِبَ فِي الْحَضَرِ وَالسَّفَرِ سَوَاءً ثَلاَثَ رَكَعَاتٍ لاَ تَنْقُصُ فِي الْحَضَرِ وَلاَ فِي السَّفَرِ وَهِيَ وِتْرُ النَّهَارِ وَبَعْدَهَا رَكْعَتَيْنِ ‏.‏ قَالَ أَبُو عِيسَى التِّرْمِذِيُّ هَذَا حَدِيثٌ حَسَنٌ ‏.

Ибну Умар (разияллоху анху) айтат: “Набий (соллаллоху алайхи ва саллам) менен бирге үйдө (муким болгондо) да, сапарда да намаз окудум. Муким болгондо ал зат менен бирге бешим намазын(ын фарзын) төрт рекет, фарздан кийин эки рекет (сүннөт) окудум. Сапарда ал зат менен бирге бешим намазын эки рекет, фарздан кийин да эки рекет (сүннөт) окудум; Аср намазын да (сапарда) эки рекет окудум, (бирок) асрдан кийин эч кандай намаз окуган жок. Шам намазын муким болгондо да, сапарда да бирдей – үч рекет окудум. Муким болгондо да, сапарда да шам намазы кыскартылбайт. Себеби, ал күндүздүн витри. Шамдан кийин эки рекет (сүннөт) окудум” (Имам Термизий риваяты. Ал киши бул хадисти хасан деп айткан).

Мазхабыбыздын атактуу имамы, акыйда илиминин аалымдарынан, IX кылымдын мухаддиси Имам Тахавий (845-933) да жогорку хадисти хасан деп риваят кылган жана “Сапарда куптанды эки рекет кылып жана андан соң эки рекет (сүннөт) окуду” деген сүйлөмдү кошуп келтирген (Караңыз: Мушкил ул-асар, 1/243. Ошондой эле, Имам ат-Тахавий Ибн Умардын (разияллоху анхума) риваят кылган хадисин “Шархи маъаний ал-асар” китебинде “Мусапырдын намазы бөлүмүндө” келтирген. Караңыз: Шархи маъаний ал-асар (2/239-240).

Даярдаган: Абибилла ажы Кадырбердиев, Азирети Муфтийдин орун басары