Кара-Суунун Жаңы Тээке конушунда жаңы мечит ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн Жаңы Тээке конушунда заманбап мечит курулуп бүтүп, ачылышы болуп өттү. Мечитке Мады айыл өкмөтү тарабынан жер бөлүнүп, айылдык жеке ишкердин демөөрчүлүгү менен курулуп бүткөрүлгөн. Аталган мечиттин ачылышына Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Мады айыл өкмөтүнүн имамдары жана жергиликтүү тургундар катышты. 

Алибек ажы Жусупов Мады айыл өкмөтүнүн башчысына жана мечитке демөөрчү болгондорго ыраазычылык билдирип, элди ынтымакка үндөп, мечитти абат кылууга чакырып, эл, жер жана мамлекеттин өсүп-өнүүгүсүн тилеп дуба кылды. 

Эскерте кетсек, мечиттин тиешелүү документтери толук бүткөрүлүп, ачылыш аземинин соңунда мечит имамына тапшырылды.