Жалал-Абад облусунун казысы №7704 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге лекция окуду

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт шаарчасында жайгашкан №7704 ички аскер бөлүгүнө барып, аскерлерге Ата мекенди сүйүү, мекенчил болу, Мекенди коргоонун шарияттагы сооптору жана артыкчылыктары боюнча лекция окуду. 

“Мекенди сүйүү ыймандан”. Мекенди, андагы жашап жаткан жарандарды, ата-эне, бир туугандарды, жаш балдарыбызды коргоо бул ар бир эр жигиттин мойнундагы парз. Биздин динибиз башкаларга кол салууну жактабайт, бирок биздин мекенибизге кол салса коргонууну буюрат, – деди облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков.

Жолугушууга аскердик боордоштук коомдук уюмунун төрагасы, Манас орденинин кавалери, камдыктагы полковник Жумабек Карбеков да катышып, аскерлерге жана анда иштеп жаткан офицерлерге ийгиликтерди каалады.

Жолугушуун соңунда 7704 аскер бөлүгүнүн командири, майор Р. Байшериев келген конокторго ыраазычылык билдирип, дайым келип жакшы насааттарды айтып турууну суранды.