Бешиктеги баланын бек болорун ким билет

«Улууга урмат, кичүүгө ызат» – деген ата-бабаларыбыздын акыл-насаатын жана Пайгамбарыбыздын (с.а.в.): «Кичүүгө мээрим, улууга урмат көрсөтпөгөн адам бизден эмес» – деп айткан хадисин эске салуу менен кыскача бала тарбиялоо жөнүндө айта турган болсок, салтыбызда «адамдын көркү адеп» же «адеби жок жигит, жүгөнү жок атка окшош» дегендей, адепке маани берилген макалдар орун алган. Ал эми ислам дини адеп-ахлактын негизги болуп саналат. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) : «Ислам – бул жакшы кулк-мүнөз» – деп айткан.

Жаш бутак тез ийилет демекчи, балага туура тарбия берүү үчүн жаштыгынан көңүл буруу зарыл. Эгер балаңыз туура эмес иш жасап жатса, аны оңдоо үчүн курулай жазалоонун ордуна, жасап жаткан ишинин туура эмес экендигин түшүндүрүп, кайра жасабоосу үчүн туурасын үйрөтүү керек. «Айта берсе бет катат, ура берсе эт катат« деп бекеринен айтылбаса керек. Ошол себептен, «Уулуңду адепке сөз менен эмес, өрнөк менен (өрнөктүү иш менен) үйрөт» – деп айтылат. Бир күнү курма дарагына таш ыргыткан баланы кармап алгандар, аны жазалоо максатында колунан кармап пайгамбарыбыздын (с.а.в.) алдына алып келишет, бирок пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага ачууланбай: «Уулум, эмнеге курма дарагына таш ыргытып жатасың?» – деп сурайт. Курсагынын ачканын билгенден кийин, «курма дарагына таш ыргытпастан, алдына түшкөндөрүн жегин» деп ага туура мамиле жасоону үйрөткөн. Негизинен пайгамбарыбыз (с.а.в.) адамзат үчүн айткандарын иш жүзүндө көрсөтүп кеткендиктен, адам баласына үлгү болуп келүүдө. Анын кулк-мүнөзүн кереметтүү Куранда: «Сен улуу кулк-мүнөз ээсисиң» — деп макталган (Калам сүрөсү, 4-аят).

Үй-бүлөдө тамашалап болсо да балага жалган айтпоо керек. Ата-энеси жалган айтпаган болсо, бала тууралыкты үйрөнөт, болбосо жалган айтууну туура көрүнүш катары кабыл алат. Ошол себептен, алгач өзүңүздүн жүрүм-турумуңузду оңдоп, андан соң балага айтуу сөзүңүздү өтүмдүү кылат. Өзүңүз түз жүрбөй, мээрим көрсөтпөстөн, балаңыздан жакшылык, мээрим үмүт кылуу алма дарагын олтургузуп, андан алмурут күткөн менен барабар. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Ырайымдуу болбогонго ырайым көрсөтүлбөйт» – деп айткан.  Анткени «Куш уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат». Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Ата-эненин баласына калтырган жакшы мурасы – бул берилген мыкты таалим-тарбия» – деп айткан. Ошондой эле баланын бирине көбүрөөк көңүл бөлүп, башкасына көңүл бөлбөй коюу, бирөөнү абдан жакшы көрүп, башкасына суз мамиле кылуу, башкача айтканда адилетсиздик жасоо туура эмес. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Балдарыңарга адилеттүү мамиле жасагыла, балдарыңарга адилеттүү мамиле жасагыла», –деп билдирген.

Ал эми кээ бир чектөөлөрүбүздүн балага зыян болуусу же келечегине балта чабуусу мүмкүн. Мисалы: балаңыз үйдүн дубалдарына сүрөт тартып жатса, сүрөт тартпа деп айтпастан, дубалга эмес кагазга сүрөт тартыш керек деп багыт туура бериңиз.

Ошондой эле, балаңыз кызыккан нерсени эмес, өзүңүздүн кыялдарыңызды таңуулоодон алыс болуңуз. Туура, ар бир ата-эне баласынын ийгиликке жетүүсүн каалайт. Бирок ал сиз тандаган жол менен эмес, башкача болуусу да мүмкүн. Бүркүт сууда сүзүүгө, балыкты асманда учууга зордоп болбостугу баарыбызга маалым. Ошондой эле балдардын да өзүнө жараша жөндөмдүүлүгү болот. «Чымчык сойсо да, касапчы сойсун« демекчи, ар бир адам өзүнүн сүйгөн кесиби боюнча иштесе гана майын чыгара аткаруусу мүмкүн. Бул өзүнө жана өзгөлөргө да пайдасын берет. Ата-энесинин кыстоолору менен мугалим, даарыгер ж.б. коомчулукка кызмат кылган кесиптин ээси болуп калса, өзүнө да, өзгөлөргө да зыянын тийгизет.

Бала төрөлгөндө табиятынан эле бардык нерселерден таза жана ийкемдүү болот. Ага өз убагында берилген тарбия, кызып турган ийкемдүү темирден кылыч, бычак же эмгек куралдары жасаган сыяктуу багыт берет. «Жерде жаткан жумуртка, асманда учкан куш« болот демекчи, бешиктеги баланын бек болорун ким билсин. Балдарыңызга туура тарбия менен биргеликте келечеги үчүн туура багыт берүү менен өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошкон болосуз. Анткени адеби мыкты, өз кесиби устасы болсо, элине татыктуу кызмат кылган эр-азамат болот деген ишеничтебиз.

Даярдаган: Алибек Акпарали уулу, Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси