ИСЛАМДА ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН САКТОО МАСЕЛЕСИ

Бисмиллахир-рохманир-рохийм

Акыркы учурларда авто-жол кырсыктары көп катталып, канча деген кырчын өмүрлөр кыйылып кетүүдө. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, өткөн жылдын 11 айында эле 6455 жол кырсыгы катталган. Тилекке каршы, жаңы жылдан бери карай төбө чачты тик тургузган кырсыктар катталууда. Жүрөк ооруткан жол кырсыктары канткенде азаят же таптакыр жок болуп кетет?  Бүгүн биз ушул боюнча ойлонууга тийишпиз. Ислам жашообуздун бардык бөлүгүн камтыгандыктан, жол эрежелерин сактоо маселесин динибизден бөлүп карай албайбыз.

«Кырсык Алладан гана болот, бешенеде жазылган болсо сөзсүз кабылабыз, андан качуу – тагдырдан качуу», – деп ойлогондор жок эмес. Бул албетте, натуура түшүнүк. Дээрлик бардык кырсык жана алааматтар себепти аткарбоодон же динди жаңылыш түшүнүүдөн келип чыккан. Эгерде кимдир-бирөө, «тагдырыма жазылган болсо автокырсыктан жаракат алам, болбосо жок», – деп жол эрежесин сактабаса, ал адамдын кырсыкка дуушар болуу ыктымалдуулугу өтө жогору болот. Ар бир нерсени негизсиз жазмышка байлап, ашкере тагдырчылыкка жол берүү адашууга алып барат. Ден-соолук, тулку-бой жана өмүр кудай таала тарабынан берилген аманат. Аманатка кыянат кылуу чоң күнөө. Алла Таала Куран-и Каримде, «Өзүңөрдү өз колуңар менен өлүмгө таштабагыла!», – деп буйрук кылган (Бакара сүрөсү, 195). Демек момун-мусулман ар кандай балээ кырсыктын алдын алып, жол эрежелерин сакташы шарт! Бирок болбой эле ылдамдыкты саатына 240 км ылдамдыкка чейин чыгаргандарды көрүп, үшкүрүгүбүз таш жарууда. Бул түз эле өлүмдү көздөй сапар алуу да…

Динибизде тобокел деген жакшы түшүнүк бар. Бирок тобокелчиликти жаңылыш түшүнгөндөр аз эмес, тилекке каршы. Айрым кишилер «көр» тобокелге салып, «эмне болсо, ошол болсун» дешет. Бул туура эмес. Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун)бир киши келип, «Мен төөмдү бош коё берип тобокел кылайынбы же байлап тобокел кылайынбы?», – деп сураганда пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун), «Оболу казыкка бекем байла, андан соң гана Аллага аманат кыл», – деп тобокелдик кандай кылынарын көрсөтүп кеткен (Тирмизи, Кыямат, 60). Демек, жол кырсыгынын алдын алууга багытталган чараларды, эрежелерди толук аткаргандан кийин гана тобокел кылуу туура болот. Эрежелерге баш ийүү – себепти кармануу болуп саналат. Ал эми себепти кармануунун өкүмү важиб экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Эгерде кимдир-бирөө жол эрежесин бузуу менен өзүнүн жана башкалардын бөөдө өлүмүнө же өмүр бою майып болуп калышына себеп болсо, анда Алланын алдында күнөөгө баткан болот.

Кээ бир унаа колдонгон бурадарлар өтө жогорку ылдамдыкта жүрүшөт. Бул адатын калктуу конуштарда да, шаар ичинде да таштабайт. Көбүнесе жол эрежелерине баш ийбейт. Акыры бир күнү бирөөнүн өлүмүнө же майып болушуна себеп болот. Эми ушул мусулмандыкка жатабы? Ал эми алькоголдук ичимдик ичип алып, унаа башкаргандарга наалат айтуудан башка айлабыз жок…

Күнөө кесепети жагынан экиге бөлүнөт. Биринчи түрдөгү күнөөнүн кедергиси күнөөкөр адамдын өзүнө гана тийсе, экинчи түрүндө башкалар да жабыркайт. Мына ушул экинчиси өтө оор күнөө болуп саналат. Буга жол эрежелерин сактабай, кырсыкка кириптер болгондор да кирет. Кээ бир аалымдар жол эрежесин сактабай, кырсыкка кабылгандарга жаназа окулбайт деген фатваа чыгарган. Демек, жол эрежелерин сактоо МАИ кызматкерлеринин гана эмес, ириде өзүбүздүн да милдет экенин билишибиз зарыл!

Жол эрежелерине байланыштуу айрым шарияттык өкүмдөрдү суроо-жооп иретинде берүүнү туура көрдүк:

  • Жол эрежесин сактоо менен диндин байланышы эмне?

— Динибиздин максаты жекеликтин жана коомдун пайдасын камсыздоо (жалб-и масаалих) жана буларга шек келтирүүчү ар кандай иштердин алдын алуу (дафъ-и мафасид) болуп саналат. Жол эрежесин бузуу жалб-и масаалихке каршы келет.

  • Жол эрежесин бузган себептүү бирөөнүн өмүрүнө коркунуч жаратуу күнөөбү?

— Ооба. Анткени мусулмандын дини, жаны, акылы, урпагы жана мал-малкү кол тийгис. Жол эрежесин бузуу мына ушул беш негизге (зарурат-и хамса) шек келтирет.

  • Мындан башка кубаттуу далил барбы?

— Ооба, «Алла тыюу салган жанды өлтүрбөгүлө» (Анаам, 151) жана «Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө!» (Ниса, 29) деген Жараткандын буйругуна каршы жосун болуп саналат.

  • Эгерде жол чыракта кызыл жанып калса, бирок каршы тилкеде эч ким жок болсо, өткөнгө болобу?

Жок! Анткени бул себепти аткарбоо болуп саналат.

  •  Шариятта жол акысы деген эмне?

Жолдогуларга кордук көрсөтүү… (Кененирээк караңыз: Бухари, Мазаалим 22, Истиъзан 2)

Жыйынтыктап айтканда, мусулман адам жол эрежелерин сактайт. Өзүнүн жана унаадагылардын ден-соолугун, өмүрүн коркунучка кептебейт. Жогорку маселелер айдоочуларга гана эмес, жөө жүргүнчүлөргө да тиешелүү. Алар да өзүнө таандык эрежелерди сактоого тийиш. Алла Таалам жалпыбызга «Мусулман – башкаларга тилинен да, колунан да зыян келбеген (ишенимдүү) инсан» деген куттуу хадиске ылайыктуу болууну насип кылсын. Оомийн…

Даярдаган: Хадисбек Нурматов,

Ош шаарындагы «Абу Бакир» (аэропорт) мечитинин имам-хатиби