Лейлек районунда имамдар арасында китеп окуу конкурсу болуп өттү

Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаарында Лейлек хатибияты “Адеп башаты” диний уюму менен биргеликте район имамдарына «Мээрим Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)» аттуу китебинен конкурс өткөрдү.

Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов аталган конкурсту уюштурууда Лейлек райондук хатибиятына колдоо көрсөткөн “Адеп башаты” диний уюмуна ыраазычылык билдирүү менен Лейлек районунда жаңыдан иш баштагандыгы үчүн ийгилик каалады.

“Алгачкы иш-чарабызды имамдар менен уюштурдук. Конкурска катышкан дин кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да Лейлек райондук хатибияты менен тыгыз иштешип, көптөгөн иштерди аткаруу ниетибиз бар”, – деп белгилеп өттү “Адеп башаты” диний уюмунун Баткендеги өкүлү Төлөнбек Марсбек уулу.

Конкурска имамдар активдүү катышып, жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылды.

1-орунду “Тогуз Булак” мечитинин имамы Садирдин Эгембердиев ээлеп, Ардак грамота жана муздаткыч;

2-орунду «Фатих» мечитинин имамы Закирбек Исмаилов ээлеп, Ардак грамота жана электр меши;

3-орунду “Шахмыр” мечитинин имамы Таалайбек Джумабаев ээлеп, Ардак грамота жана телевизор менен сыйланды.

Жогоркулардан сырткары Калымкул Калымкулов жана Халкожа Кузуевдер да Ардак грамота менен сыйланды.