Муфтият Кыргызстан жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда конкурс жарыялайт!

КМДБ ажыларды жеткирүү үчүн Кыргызстан жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда кыска мөөнөт ичинде тандоо конкурсун жарыялайт.

Ажылык сапарын уюштуруу иштери башталгандыгына байланыштуу, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2023-жылдагы ажылык сапарына баруучу зыяратчыларды ташуу үчүн Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда конкурс жарыялап, катышуучулардын документтерин 2023-жылдын 20-январынан 2-февраль, саат 17:00 гө чейин кабыл алат.

Тандоо иш-чарасына катышуучу авиакомпаниялар коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылса болот:

Бишкек шаары, Гоголь көчөсү № 57

Байланышуу үчүн: 0778900601, тел/факс: 0312 48 61 67  э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

Тандоо иш-чарасы өтө турган күн:

3-февраль, саат 10:00 / КМДБнын жыйындар залы.

Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиккен арыздар кабыл алынбайт.

2023-жылы Кыргыз Республикасынан Сауд Араб Падышалыгына ажыларды аба жолдору менен ташууга катышуучу Авиакомпанияларга коюлуучу негизги талаптар:

1. Сауд Араб Падышалыгы (САП) тарабынан жактырылган жана эрежелерине жооп берген тиешелүү лицензиялардын жана сертификаттардын болуусу.

2. Көрсөтүлгөн маршруттарга учуучу, катталган мамлекеттик, техникалык мүнөздөмөлөрү, учактын тиби, сыйымдуулугу көрсөтүлгөн эки аба кемесинин (АК) болуусу (АК каттоо жөнүндөгү Күбөлүк жана АКнын тиби жана учууга жарамдуулугу күчүндөгү сертификаты).

3.  Авиакомпаниянын Бишкек жана Ош шаарларынан Жидда, Мадина шаарларына алып баруучу жана кайтып алып келүүчү түз рейстерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн болуусу (САПтын эрежелерине жооп берүүчү бардык керектүү уруксаттар жана жактыруулар).

4.  Бир ажынын алып баруу жана алып келүү авиабилетинин наркынын эсеби (Прайс-лист).

5.  САПка (Жидда жана Мадинага) слоттун болуусу (учуу графиктери) болжол менен 2023-жылдын 5-июнунан 30-июнуна чейин. (Зыяратчылардын жалпы саны – 6110 киши. Авиакомпания зыяратчыларды Кыргыз Республикасынан САПка 2023 жылдын 5-июнунан 15-июнуна чейинки 10 (он) күндүк мөөнөттө жеткирүүгө, жана САПтан Кыргыз Республикасына 10 (он) күндүк мөөнөттө жеткирүүгө милдеттүү).

6.  Акысыз ташылуучу жүктүн ченеми 30 кг жүк, 10 кг кол жүгү жана кошумча 5 литр зам-зам суусу.

7. САПтын Жарандык авиациясынын департаментинин бекиткен эки жактын слотторун (учуу графиктерин) КМДБга 2023-жылдын 28-февралына чейин берүү.

8.  Аба жолдору аркылуу жүргүнчүлөрдү түз чартердик жана такай рейстер менен ташуу боюнча тажрыйбасынын болуусу.

9.  Самолёттун ичинде сөзсүз “Халал” тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу.

10.  Ажылардын график боюнча Кыргызстандан  САПка жана андан кайта учуусунда Жидда жана Мадина шаарларынын аэропортторунда Авиакомпаниянын өкүлүнүн болуусу.

11. Конкурска катышууга арыз (заявка) берген жактын укугун тастыктоочу документинин (ишеним кат) болуусу.

12. Юридикалык жактын салык жана соцкоторуулар боюнча карызынын жоктугун тастыктоочу документтин болуусу.

13. Эл аралык стандарттарга жана эрежелерге ылайык келүүчү АК (ВС), 50 кишиден турган топторду бөлбөстөн, бортунда эң кеми 180 ажыны алып учууга мүмкүнчүлүгүнүн болуусу.

14. Авиакомпаниялар көрсөткөн документтер сөзсүз мамлекеттик же расмий тилде болуусу жана атайын конверттерге салынып, мөөр басылуусу милдеттүү.

15. Чет өлкөлүк авиакомпанияларга коюлуучу зарыл талаптар бул – Бишкек шаарында алардын расмий өкүлүнүн болуусу. Бишкек шаарындагы чет өлкөлүк авиакомпаниялардын расмий өкүлчүлүктөрү жана анын өкүлдөрү, тандоодон жеңген учурда ажылыкты өткөрүү мезгилинде үзгүлтүксүз штаттык режимде иштөөгө жана Муфтияттын өкүлчүлүк органы менен зарылчылыкка жараша 24 саат байланышта болууга тийиш.

16. Конкурстун  жеңүүчүсү менен түзүлгөн келишимдин жалпы суммасынын 5% кармалат жана ал САПтан ажыларды алып, авиаташуунун акыркы рейси келгенден кийин бир жуманын ичинде төлөнүп берилет.

17. Конкурстун жеңүүчүсү менен келишимге кол коюу учурунда, ал жерде авиакомпаниянын генералдык өкүлүнүн сөзсүз катышуусу.

18.   Авиаташуучу жүргүнчү жана ошондой эле анын жүгү жөнүндө алынган маалыматтардын конфиденциалдуулугун камсыздайт жана үчүнчү жактарга аларды суроо, тиешелүү мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык берет.

19.  Муфтият келишимдин жана Авиакомпания берген счет-фактуранын негизинде Ажыларды жана алардын жүктөрүн ташууга авиабилеттерди брондоого кеткен төлөмдү гана төлөйт. Калган бардык милдеттүү төлөмдөрдү жана салыктарды төлөөнү Авиакомпания (жеңүүчү) өзү жүргүзөт.

20. Авиаташуучу эки тараптуу түзүлүүчү Келишимдин үлгүсүн конкурска алып келүүгө тийиш.