2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо 24-январдан тарта башталат

2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 1000 АКШ доллар 2023-жылдын 24-январынан 14-февраль, РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн алдын ала (баштапкы) 1000 АКШ долларынын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшырууга милдеттүү.

ЭСКЕРТҮҮ:  2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1000 АКШ долларын төлөй албай калса Ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат.

Ал эми 2023-жылы жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо (Eid) ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-март, РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин жүргүзүлөт. Жаңы талапкерлер 1000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн алгачкы 1000 АКШ долларынын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер 1000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт.  

Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт. 

Толук маалымат алуу үчүн:

Тел: 0778 48 61 67,  0558/0708 48—61—67

Тел/факс: 0312 48—61—67   

Э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru