Талас районунун имамдары 2022-жылы аткарган иштери боюнча маалымат беришти

Талас районунун Көк-Ой айылында райондогу имам-хатибдер өткөн жылкы аткарган иштери боюнча Талас облусунун мусулмандар казыятына жылдык отчёт тапшырды.

Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдусамат уулу имам-хатибдердин отчётун угуп, төмөндөгүлөргө токтолду:

«Урматтуу имамдар, биздин ишибиз мечиттен эле көрүнөт. Анын тазалыгына өзгөчө көңүл буруңуздар. Кээ бир мечити таза, бирок айланасы каралбай калган диний объектилер да кездешип жатат. «Тазалык – ыймандан» деген. Андыктан бул жаатта жамаатыңыздар менен биргелешип, мечиттин айланасын жакшыртыңыздар».

Отчёттук иш-чаранын соңунда Талас районунун имамдарынын 2022-жылы аткарган иштерине «жакшы» деп баа берилди.