РУКУУГА БАРАТКАНДА ЖАНА АНДАН КАЙТКАНДА ЭКИ КОЛДУ КӨТӨРҮҮ

Бисмиллахир-Рохманир-Рохийм.

Аллах Таалага чексиз алкыш-мактоолор  болсун!

Пайгамбарыбызга Аллахтын рахматы жана саламы болсун!

Рукууга чейинки жана кийинки кол көтөрүү көптөгөн тартышууларга себеп болгону баарыбызга маалым. Мурдатан баары Ханафи мазхабына амал кылган жана эч ким намазды баштаган кездеги такбир тахримадан башка учурда эки колун көтөргөн эмес. Бардык намазкөйлөр тынч гана, колунан келишинче өз намаздарын окуп жүрүшкөн.  

Кийинчерээк, фикхий мазхабдарды, алардын негиздөөчүлөрү болгон улуу мужтахид аалымдарыбызды четке кагып, өздөрүнчө Куран жана Сүннөткө амал кылууну жана башкалар да аларды ээрчүүсү зарылдыгын доо кылгандар пайда болду. Алар намазда рукууга баруудан мурда жана андан кайтканда эки колду көтөрбөө Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) сүннөтүнө каршы экендиги жөнүндө талкуу жүргүзө баштады жана өз пикирлерин кубаттоо үчүн хадистерден далил келтирүүгө кирише башташты.  Мына ушундай адамдар өздөрүн кудум бүт ислам ааламынын миң жылдык катасын тапкандай, Ханафи мазхабын карманып, катада жүргөн жүз миллиондогон адашуучуларды Куран жана Сүннөткө салып жаткан каармандай сезип жатышты. Бирөөнүн насаатын угууну да каалабады. Өз пикирлерине кошулбагандарды, каршы чыккандарды Куран жана Сүннөткө каршы чыгуу деп айыпташты. Бирок ошол иш Куран жана Сүннөткө канчалык тууура келет, ойлоп да коюшкан жок.

Келиңиз, бул маселени илимий жол менен бир карап чыгалы.

НАМАЗДА РУКУУГА БАРГАНДА ЖАНА АНДАН КАЙТКАНДА ЭКИ КОЛДУ КӨТӨРҮҮ КЕРЕК ДЕГЕНДЕРДИН ДАЛИЛДЕРИ ЖАНА АЛАРДЫН ТАЛАШЫП ТАРТЫШУУСУ

Тээ баштапкы доордо бул амалга Шафеъи жана Ханбали мазхабын карманган мусулмандар амал кылып келишкен болсо, бүгүнкү күндө бул өкүмгө амал кылууга чакыргандардын сап башында мазхаб карманбаган «кыйындар» турат. Алар өздөрүнүн бул чиренишине бир канча хадистерден далил келтиришет:  

Биринчи далил:

رَوَى الْبُخَارِيُّ  وَمُسْلِمٌ عَنِ ابْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا: أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَرْفَعُ يَدَيْهِ حَذْوَ مَنْكِبَيْهِ إِذَا افْتَتَحَ الصَّلَاةَ، وَإِذَا كَبَّرَ لِلرُّكُوعِ، وَإِذَا رَفَعَ رَأْسَهُ مِنْ الرُّكُوعِ رَفَعَهُمَا كَذَلِكَ أَيْضًا وَقَالَ سَمِعَ اللهُ لِمَنْ حَمِدَهُ رَبَّنَا وَلَكَ الْحَمْدُ، وَكَانَ لَا يَفْعَلُ ذٰلِكَ فِي السُّجُودِ  .

Ибн Умар (разияллоху анхума) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) качан намазды баштаса эки колун желкесинин тушуна чейин көтөрүп, такбир айтат эле. Кийин качан рукууга такбир айтса жана рукуудан башын көтөрсө да эки колун дал ошондой таризде көтөрөт эле да «самиъаллоху лиман хамидах, Роббанаа ва лакал хамд», – деп айтат эле»(Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты).

Мына ушул сахих хадисте намазда рукууга барганда жана андан кайтканда кол көтөрүү Пайгамбардын (соллаллоху алайхи васаллам) сүннөтү экендиги ачык-айкын көрүнүп турат дешет.  

Экинчи далил:

عَنْ نَافِعٍ كَانَ عَبْدُ اللهِ بْنُ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا إِذَا رَأَىٰ مَنْ لَا يَرْفَعُ رَمَاهُ بِالْحُصَبَاءِ، وَهِيَ الْحِجَارَةُ الصَّغِيرَةُ الَّتِي كَانُوا يَفْرَشُونَهَا فِي الْمَسْجِدِ، وَأَمَرَهُ أَنْ يَرْفَعَ، رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ فِي كِتَابِهِ «رَفْعُ الْيَدَيْنِ».

            Нафеъ (рахимахуллах): «Ибн Умар (разияллоху анхума) колун көтөрбөгөн адамды көрсө аны майда таш менен атып урат эле жана аны колун көтөрүүгө буюрат эле», – деген (Имам Бухарий риваяты).

Бул риваят да жогорудагы хадистин маанисин кубаттап келүүдө. Абдуллах ибн Умар (разияллоху анхума) өзү амал кылып гана калбай, өзгөлөрдү да бул амалга моюн сунууга аракет кылганы ачык көрүнүп турат деп айтышат.

Ханафий аалымдар, чындыгында, силер келтирген риваяттар бар жана күчтүү экенин биз да жакшы билебиз, биз ушул хадис жана риваяттарга амал кылуудан мурда башка хадис жана риваяттарды да терең изилдеп чыгып, башкача чечимге келдик, келиңиз, оболу Абдуллах ибн Умардын (разияллоху анхума) хадисин талкуу кылып көрөлү дешкен.  

عَنْ مُجَاهِدٍ قَالَ: صَلَّيْتُ خَلْفَ ابْنِ عُمَرَ فَلَمْ يَكُنْ يَرْفَعُ يَدَيْهِ إِلَّا فِي التَّكْبِيرَةِ الْأُولَىٰ مِنَ الصَّلَاةِ. رَوَاهُ الطَّحَاوِيُّ وَأَبُو بَكْرِ بْنُ أَبِي شَيْبَةَ، وَالْبَيْهَقِيُّ فِي الْمَعْرِفَةِ

Мужахид (рахимахуллах): «Ибн Умардын аркасында намаз окуганмын. Ал эки колун намаздагы биринчи такбирден башка эч жерде көтөргөн эмес», – деген (Имам Ат-Тахавий, Имам Абу Бакр ибн Абу Шайба жана Имам Ал-Байхакийлер риваяты).

Жогорку эки риваят жана биз келтирген үчүнчү риваятты кошуп карап чыга турган болсок, рукууга барганда жана андан кайтканда эки колду көтөрүүнүн өкүмү насх болгону ачык болот. Тагыраагы, бул өкүмгө маалым бир мөөнөт амал кылынып, кийин ал амалдан калган.

Абдуллах ибн Умар (разияллоху анху) Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) рукууга кетүүдө жана андан кайтууда кол көтөргөнүн көргөн, өзү бул ишке амал кылган жана башкаларды да амал кылууга чакырган. Кийинчерээк бул амал насх болгондон кийин ага амал кылуу токтогон.

Урматтуу ушул маселеде кыйын болуп жаткан бурадарлар, сиздер да, биз да сахабий өзү кылган риваятка терс амал кылса, риваятты эмес, амалды кабыл кылууга келишим кылганбыз. Себеби сахабалар насх болбосо, өзү риваят кылган өкүмгө каршы амал кылбайт болчу. Айрыкча, Абдуллах ибн Умар (разияллоху анхума) ар бир чоң жана кичине нерселерде Пайгамбарды (соллаллоху алайхи васаллам) анык ээрчүүчү жалгыз сахабий болгон. Ал киши Пайгамбарга (соллаллоху алайхи васаллам) таандык, ээрчүү зарыл болбогон иштерди да өтө аныктык менен кылып жүргөнү маалым. Ошондой адам насх сабит – дайын болбосо, өзү риваят кылган хадиске терс иш тутуп, рукууга барууда жана андан кайтууда эки колун көтөрүүнү таштабайт болчу.  

Үчүнчү далил:

عَنْ عَلِيِّ بْنِ أَبِي طَالِبٍ رَضِي اللهُ عَنْهُ، عَنْ رَسُولِ الله صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم؛ أَنَّهُ كَانَ إِذَا قَامَ إِلَى الصَّلَاةِ الْمَكْتُوبَةِ، كَبَّرَ وَرَفَعَ يَدَيْهِ حَذْوَ مَنْكِبَيْهِ، وَيَصْنَعُ مِثْلَ ذَلِكَ إِذَا قَضَى قِرَاءَتَهُ، وَأَرَادَ أَنْ يَرْكَعَ، وَيَصْنَعُهُ إِذَا رَفَعَ مِنَ الرُّكُوعِ، وَلَا يَرْفَعُ يَدَيْهِ فِي شَيْءٍ مِنْ صَلَاتِهِ، وَهُوَ قَاعِدٌ، وَإِذَا قَامَ مِنَ السَّجْدَتَيْنِ رَفَعَ يَدَيْهِ كَذَلِكَ، وَكَبَّرَ

Али ибн Абу Талибден (разияллоху анху) келтирилген хадисте: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) качан фарз намазга киришсе такбир айтып, эки колун желкесинин тушуна чейин көтөрөт эле. Дал ушул ишти кыраатты бүтүрүп, рукууга барышты каалаганда да, рукуудан башын көтөрсө да жасайт эле. Ал зат намазда олтурган абалында эч колдорун көтөргөн эмес. Качан гана эки жолу сажда кылып, турмакчы болсо да эки колун көтөрүп, такбир айтат эле», – делинген. (Имам Абу Давуд, Имам Термизий, Имам Насаий, Имам Ибн Мажа өздөрүнүн Сунандарында, Имам Бухарий «Рафъул ядайни фис солати» деген китебинде жана Имам Тахавий «Мушкилул-Аасарда» риваят кылган).

Бул риваят сабит – дайын экенини жакшы билебиз. Бирок Азирети Алинин (разияллоху анхун) өзүнөн болгон төмөнкү риваят бар:

رَوَاهُ الطَّحَاوِيُّ وَابْنُ أَبِي شَيْبَةَ وَالْبَيْهَقِيُّ عَنْ عَاصِمِ ابْنِ كُلَيْبٍ عَنْ أَبِيهِ أَنَّ عَلِيًّا يَرْفَعُ يَدَيْهِ فِي أَوَّلِ تَكْبِيرَةٍ مِنَ الصَّلَاةِ ثُمَّ لَا يَرْفَعُ بَعْدُ. قَالَ الزَّيْلَعِيُّ: هُوَ أَثَرٌ صَحِيحٌ. وَقَالَ الْعَيْنِيُّ فِي عُمْدَةِ الْقَارِي: إِسْنَادُ عَاصِمِ بْنِ كُلَيْبٍ صَحِيحٌ عَلَىٰ شَرْطِ مُسْلِمٍ .

Имам Ат-Тахавий жана Имам Ибн Абу Шайбалар Аасим ибн Кулайбтын атасынан кылган риваятта: «Албетте Али (розияллоху анху) эки колун намаздын биринчи такбиринде гана көтөрөт болчу. Кийин көтөрбөйт эле», делинген. Имам Аз-Зайлаъий: «Бул аасар сахих» деген. Ал-Айний «Умдатул каариде»: «Аасим ибн Кулайбтын иснады Имам Мусламдын шартына ылайык таризде сахих», деп айткан.

عَنْ أَبِي إِسْحَاقَ قَالَ: كَانَ أَصْحَابُ عَبْدِ اللهِ وَأَصْحَابُ عَلِيٍّ، لَا يَرْفَعُونَ أَيْدِيَهُمْ إِلَّا فِي افْتِتَاحِ الصَّلَاةِ. رَوَاهُ أَبُو بَكْرِ ابْنِ أَبِي شَيْبَةَ

Абу Исхак (рахимахуллах) риваят кылат: «Абдуллах (Ибн Масъуд) жана Алинин асхабдары (ээрчиген шакирттери) эки колун намаздын башында гана көтөрөт эле» (Имам Абу Бакр Ибн Абу Шайба риваяты).

Бул да рукууга кетүүдөн мурда жана андан кийин эки колду көтөрүүгө маалым бир мөөнөт амал кылынганы жана кийин насх болгонун көрсөтөт. Болбосо Азирети Алидей сахабий өзү Пайгамбардан (соллаллоху алайхи васаллам) кылган риваятка каршы иш кылбайт болчу. Аны менен бирге Азирети Али (разияллоху анху) өзүнүн шакирттери болгон кичүү сахабалар жана таабеъийндерди да рукууга кеткенде жана андан кайтканда эки колду көтөрбөөгө үйрөткөн экен. Бул да өзүнөн-өзү боло бере турган нерсе эмес.

Жогоруда келген хадисте «Качан эки жолу сажда кылып турмакчы болсо да эки колун көтөрүп, такбир айтат эле», деген сүйлөм аларга каршы далил. Себеби алар саждадан турууда кол көтөрүү керек деп айтышпайт. Демек «эмне үчүн бир хадистин маалым бир бөлүгүнө амал кылышат да, калган бөлүгүнө амал кылышпайт», деген суроо пайда болот.

Сажда кылып болуп, туруп бара жатканда жана башка абалдарда да эки колду көтөрүү башка хадистерде да айтылган. Мына ушул нерсенин өзү да алгач намазда такбир тахримадан башка орундарда да кол көтөрүү бар болуп, кийинчерээк насх кылынганына далалат кылат.  

Ханафийлер каршылаштарынын ар бир далилине дал мына ушундай таризде раддия – жооп берүү кылышкан. Биз келтирилген мисалдар менен эле чектелип калбай, бул маселени тээ исламдын башында кандай талкуу кылынганы жөнүндөгү эки риваятты карап чыгалы: 

عَنِ الْمُغِيرَةَ، قَالَ: قُلْتُ لِإِبْرَاهِيمَ: حَدِيثُ وَائِلٍ أَنَّهُ رَأَى النَّبِيَّ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم يَرْفَعُ يَدَيْهِ إِذَا افْتَتَحَ الصَّلَاةَ، وَإِذَا رَكَعَ، وَإِذَا رَفَعَ رَأْسَهُ مِنَ الرُّكُوعِ. فَقَالَ: إِنْ كَانَ وَائِلٌ رَآهُ مَرَّةً، فَقَدْ رَآهُ عَبْدُ اللهِ خَمْسِينَ مَرَّةً لَا يَفْعَلُ ذَلِكَ. رَوَاهُ الطَّحَاوِيُّ

Ал-Мугийра айтат: “Ибрахимге, Ваилдин Пайгамбардын (соллаллоху алайхи васаллам) качан намазды баштаса, рукуу кылса жана рукуудан башын көтөрсө, эки колун көтөргөнүн көрдүм”деген хадиске эмне дейсиз? дедим”. Ал: «Эгер Ваил ал заттын ошондой кылганын бир жолу көргөн болсо, Абдуллах ибн Масъуд андай кылбаганын элүү жолу көргөн», деди» (Имам Тахавий риваяты).

Көрүнүп тургандай, рукууга баратып жана андан кайтканда эки кол көтөрүлөт дегендер Ваил ибн Хужрдун (разияллоху анху) хадисин далил кылган. Улуу таабеъийндерден болгон Ибрахим Ан-Нахаъийге (рахимахуллах) бул сөз айтылганда, ал киши Абдуллах ибн Масъуддун (разияллоху анху) хадисин каршы далил катары келтирген жана кайсы хадис кабыл кылууга ылайыктуу экенин тастыктоо максатында алардын риваятчыларынын абалын айтып өткөн. Ваил ибн Хужр (разияллоху анху) ыйманга келгенден кийин Пайгамбардын (соллаллоху алайхи васаллам) жанында болгону бир жума туруп, намаз окууну үйрөнгөндүгү жана кайтып кетип, кийин Расуулуллахты (соллаллоху алайхи васаллам) кайра көрбөгөндүгү белгилүү. Кээ бир риваяттарда Мадинага болгону эки жолу гана келген. Анын үстүнө Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) ал кишиге таалим үчүн өзүнчө мамиле кылган.

Пайгамбардын (соллаллоху алайхи васаллам) рукууга кетүүдө жана андан кайтууда эки колун көтөрбөгөнү жөнүдөгү риваяттын ээси Абдуллах ибн Масъуд (разияллоху анху) болсо, эң биринчилерден ыйманга келген сахабалардан болуп, Пайгамбардан (соллаллоху алайхи васаллам) ал заттын өмүрүнүн акырына чейин айрылбаган үлкөн сахабийлердин бири. Албетте ал киши Ваил ибн Хужрга (разияллоху анху) караганда көп нерсени билүүсү турган сөз.

Экинчи мисал, Имам Ал-Харисий өзүнүн «Муснад» аттуу китебинде Суфян ибн Уяйнадан (рахимахуллах) Имам Абу Ханифа менен Имам Ал-Авзаъийдин ортосунда болуп өткөн төмөнкү талкууну келтирет:

«Абу Ханифа менен Ал-Авзаъий Меккедеги буудай базарында көрүшүп калат. Ошондо Ал-Авзаъий Абу Ханифага:

— Силерге эмне болду, намазда рукууга барганда жана андан кайтканда колуңарды көтөрбөйт экенсиңер? деди. Абу Ханифа болсо:

— Себеби бул жөнүндө Расуулуллахтан (соллаллоху алайхи васаллам) бир дагы сахих нерсе болгон жок, деди. Анда Ал-Авзаъий:

— Кантип сахих нерсе жок болсун? Мага Аз-Зухрий Салимден, ал атасынан, ал болсо Расуулуллахтан (соллаллоху алайхи васаллам) риваят кылуусуна караганда, Ал зат (соллаллоху алайхи васаллам) намазды баштаарда, рукууга барууда жана андан кайтууда эки колун көтөргөн экен! деди. Ошондо Абу Ханифа:

— Бизге Хаммад Ибрахимден, ал Алкама жана Ал-Асваддан, алар Абдуллах ибн Масъуддан (розияллоху анху) риваят кылуусуна караганда, Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) намазды баштоодон башка орунда эки колун көтөргөн эмес экен, деди. Ал-Авзаъий:

— Мен сага Аз-Зухрийден, Салимден, анын атасынан, Пайгамбардан (соллаллоху алайхи васаллам) хадис риваят кылсам, сен мага Хаммад Ибрахимден хадис айтты, дейсиң да?! деди. Абу Ханифа анын бул сөзүнө:

— Хаммад Аз-Зухрийге караганда күчтүү факих болгон. Ибрахим болсо Салимге карганда күчтүү факих болгон. Эгер Ибну Умар сахабийлик артыкчылыгына ээ болсо да Алкама андан кем эмес. Ал-Асваддын артыкчылыктары ого эле көп. Абдуллах ибн Масъуддун фикхте жана кыраатта артыкчылыгы көп. Жаштайынан Пайгамбардын (соллаллоху алайхи васаллам) жанында жүргөн. Ал Абдуллах ибн Умардан абзел, деп жооп берди. Ошондо  Ал-Авзаъий унчуга албай калды».

Демек, Абу Ханифа (рахимахуллах) да, ал кишини ээрчигендер да шаръий өкүмдөрдү абадан эле алган эмес, Куран жана Сүннөттөн алган экен. Башкаларга караганда тереңирээк изденүүдө болгон экен. Жадагалса башка мазхаб мужтахиддери изилдебеген назик тараптарын да изилдеп, аныктап чыккан.

ХАНАФИЙЛЕРДИН ДАЛИЛДЕРИ

Ханафий мазхабы аалымдары бул маселе боюнча каршы тараптын далилдерин талкуу кылып, аларга жооп берип эле калбай, өз өкүмдөрүн тастыктоо үчүн хужжат-далилдер да келтиришкен. Төмөндө алар келтирген далилдердин кээ бирлерин гана сиздерге айтмакчыбыз:

Биринчи далил:

 عَنْ جَابِرِ بْنِ سَمُرَةَ رَضِي اللهُ عَنْه قَالَ: خَرَجَ عَلَيْنَا رَسُولُ الله صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم فَقَالَ: «مَا لِي أَرَاكُمْ رَافِعِي أَيْدِيكُمْ، كَأَنَّهَا أَذْنَابُ خَيْلٍ شُمْسٍ، اسْكُنُوا فِي الصَّلَاةِ». رَوَاهُ مُسْلِمٌ

Жабир ибн Самура (разияллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) бизге чыгып келди да: «Эмнеге мен силердин колуңарду куду азоо аттын куйругуна окшотуп көтөрүп жатканыңарды көрүп жатамын?! Намазда жым тургула!»– деп айтты» (Имам Муслим риваяты).

Маалым болгондой, намаз жаңы фарз болгон учурда азыркыдай толук болгон эмес. Кээ бир абалдарда ар кандай майда аракеттер же үн чыгаруу да болуп турган. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) андай амалдарды кылган кишилерге акырындык менен тарбия берип, каталарын оңдогон. Бул мааниде хадис китептерибизде бир канча риваяттар келген. Мына ушул биз изилдеп жаткан рукууга барууда жана андан кайтууда колду көтөрүү маселеси да алгач бар болуп, кийин мансух кылынгандыгын мына ушул хадистен билип алсак болот. Бул өкүмдүн мансух болгону, амалдан калганынан кабарсыз кээ бир сахабийлер оболкудай рукууга барганда жана андан кайтканда колдорун көтөрүп, намаз окуп жаткандарын Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) үйүнөн көрүп турган. Кийин үйүнөн мечитке чыгып, аларга жогорку хадисте келтирилген сөздөрдү айткан.

Экинчи далил:

 عَنْ عَلْقَمَةَ بْنِ قَيْسٍ رَحِمَهُ اللهُ قَالَ: قَالَ عَبْدُ اللهِ بْنُ مَسْعُودٍ رَضِي اللهُ عَنْهُ: أَلَا أُصَلِّي بِكُمْ صَلَاةَ رَسُولِ اللهِ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم، فَصَلَّى، فَلَمْ يَرْفَعْ يَدَيْهِ إِلَّا فِي أَوَّلِ مَرَّةٍ. رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ

Алкама ибн Кайс (рахимахуллах): «Абдуллах ибн Масъуд (разияллоху анху):«Мен силерге Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи васаллам) намазын окуп берейинби»,деди да намаз окуп, намаздын башындагы такбир тахримадан башка орунда колдорун көтөргөн жок» (Имам Термизий риваяты).

Өзүнөн-өзү маалым, буга окшош адамдарга эскертүү берип туруп, аткарылган амалдар өтө аныктык менен жүзөгө ашырылат. Абдуллах ибн Масъуд (разияллоху анху) ким экендиги баарыбызга маалым. Ал киши Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) менен Ал заттын пайгамбарлык доорунда ар дайым бирге жүргөн, үлкөн илим ээси жана көптөгөн хадистерди риваят кылган сахаба.  

Дал ушул маанидеги хадисти Имам Насаий да риваят кылган.

Үчүнчү далил:

عَنِ الْأَسْوَدِ بْنِ يَزِيدَ رَحِمَهُ اللهُ قَالَ: رَأَيْتُ عُمَرَ بْنَ الْخَطَّابِ رَضِي اللهُ عَنْه، يَرْفَعُ يَدَيْهِ فِي أَوَّلِ تَكْبِيرَةٍ، ثُمَّ لَا يَعُودُ. رَوَاهُ الطَّحَاوِيُّ 

Ал-Асвад ибн Язийд (рахимахуллах) риваят кылат: «Умар ибн Хаттабды (разияллоху анху) көргөнмүн, ал биринчи такбирде эки колун көтөрүп, кийин кайталабайт эле» (Имам Тахавий риваяты).

Төртүнчү далил:

عَنِ الْأَسْوَدِ بْنِ يَزِيدَ رَحِمَهُ اللهُ قَالَ: صَلَّيْتُ مَعَ عُمَرَ رَضِي اللهُ عَنْه، فَلَمْ يَرْفَعْ يَدَيْهِ فِي شَيْءٍ مِنْ صَلَاتِهِ إِلَّا حِينَ افْتَتَحَ الصَّلَاةَ، قَالَ عَبْدُ الْمَلِكِ: وَرَأَيْتُ الشَّعْبِيَّ، وَإِبْرَاهِيمَ، وَأَبَا إِسْحَاقَ لَا يَرْفَعُونَ أَيْدِيَهُمْ إِلَّا حِينَ يَفْتَتِحُونَ الصَّلَاةَ. رَوَاهُ ابْنُ أَبِي شَيْبَةَ 

Ал-Асвад ибн Язийд (рахимахуллах) риваят кылат:  «Умар ибн Хаттабдын (разияллоху анху) аркасында намаз окудум. Ал өз намазында намазды баштагандан башка учурда колдорун эч көтөргөн жок». Абдулмалик айтат: «Аш-Шаъбий, Ибрахим жана Абу Исхактардын да намазды баштагандан башка учурда кол көтөрүшкөнүн көргөн эмесмин» (Имам Ибн Абу Шайба риваяты).

Бешинчи далил:

عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ مَسْعُودٍ رَضِي اللهُ عَنْه قَالَ: صَلَّيْتُ خَلْفَ النَّبِيِّ صَلَي الله عَلَيْهِ وَسَلَّم، وَأَبِي بَكْرٍ، وَعُمَرَ، فَلَمْ يَرْفَعُوا أَيْدِيَهُمْ إِلَّا عِنْدَ افْتِتَاحِ الصَّلَاةِ. رَوَاهُ الْبَيْهَقِيُّ 

Абдуллах ибн Масъуд (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам), Абу Бакр жана Умарлардын аркасында намаз окудум. Алар намазга киришүүдөгү кол көтөрүүдөн башка жерде колдорун көтөргөн эмес» (Имам Байхакий риваяты).

Алтынчы далил:

عَنْ أَبِي بَكْرِ بْنِ عَيَّاشٍ قَالَ: مَا رَأَيْتُ فَقِيهًا قَطُّ يَفْعَلُهُ، يَرْفَعُ يَدَيْهِ فِي غَيْرِ التَّكْبِيرَةِ الْأُولَى. رَوَاهُ الطَّحَاوِيُّ

            Абу Бакр ибн Аййаш (рахимахуллах) риваят кылат: «Эч бир факихти эч качан биринчи такбирден башка жерде колдорун көтөргөнүн көргөн эмесмин» (Имам Тахавий риваяты).

Жетинчи далил:

Намаз бүт элдин көз алдында, ар күнү беш жолу окула турган, үлкөн ибадат. Айрыкча, Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) ар бир намазын жылдар бою көпчүлүк өтө кылдаттык менен күзөтүп, үйрөнүп келген. Мына ушундай нерсеге тийиштүү, рукууга барганда жана андан кайтканда кол көтөрүлөбү же көтөрүлбөйбү деген маселеде ар түрдүү сөз айтылуусунун өзү бул иш жөнүндө күмөн жаратат. Бул болсо, Ханафийлердин амалы туура экендигин көрсөтөт.  

Сегизинчи далил:

            Ханафийлар рукууга барганда жана андан кайтканда кол көтөрүү жөнүндө келген риваяттардын көптүгү, сахихтиги, кээ бир сөздөргө караганда сахабалардан элүүсү риваят кылгандыгын жакшы билет. Бирок, ошондой болсо да, насх болуусу мүмкүндүгүн белгилеп айтышат. Себеби насх риваяттын күчтүү жана күчсүздүгүнө же көп жана аздыгына карап болбостугу жалпыга маалым. Хадис ар канча күчтүү болсо да, аяттын күчүнө жете албайт. Ошондой болсо да Курандын кээ бир аяттары мансух болгону баарыбызга маалым.

Тогузунчу далил:

            Ушул талкуу кылынып жаткан кол көтөрүү жөнүндөгү маселеде бир аклий далил келтирүү үчүн Ханафий мазхабынын аалымдары насх жөнүндөгү доосунан убактынча баш тартты дейли. “Насх болгон жок деп айтса айталы” дейт алар. Андай учурда жалпы эрежеге караганда, бир өкүм жөнүндөгү хадистер карама-каршы болуп калса, сахабалар кандай амал кылган болсо, ошол алынат. Эгер сахабалардын амалдары да карама-каршы болуп калса, кыяска таянылат. Ушул маселеде да кыяска кайрыла турган болсок, негизинде намазда ашыкча амал-аракет кылбаш керек. Намаздын ичинде кол көтөрүү ашыкча аракет. Такбир тахримадагы кол көтөрүү намаздын ичиндеги эмес, анын сыртында, башталуусундагы көтөрүү болуп саналат.

Ушул жерге келгенде, урматтуу окурмандан далилдер келтирүүнү жыйынтыктоо үчүн уруксат сурайбыз. Эгер калган далилдерди да келтире турган болсок, сөз узарып кетет. Ансыз деле узарып кеткен сөздү дагы да созо бербей, корутундуга өткөнүбүз макул болот.

КОРУТУНДУ

Көрүп турганыбыздай, бардык фикхий маселелер, алардан “аамийн” маселеси, рукууга барганда жана андан кайтканда кол көтөрүү сыяктуу маселелерде “Ханафий мазхабындагылар хадиске амал кылбайт” деген доо таптакыр жалган жана батыл. Тескерисинче, Ханафийлер хадистерди башкаларга караганда тереңирээк жана аныгыраак изилдеп, анан амал кылганын жогоруда илимий таризде карап чыктык. Аны менен бирге Ханафийлер башка мазхабдагылардын пикирин урматтап келген.

Азыркы доорубузда да Шафеъи жана Ханбалилер кол көтөрүп, Ханафий жана Маликийлер кол көтөрбөй тынч намаздарын окуп келишет. Ичибизден бир канча аятты чала жаттап алган жана үч-төрт хадистин котормосун билип алгандар чыгып, мазхаб башчы болгон мужтахиддерибизге таш ата баштады. Мусулман коомчулугу өз ибадаттарын аткарууда Куран жана Сүннөткө амал кылбастыкта айыпталды. Динге эми кирип жаткан катмардын көпчүлүгүнүн ортосуна аалымдардын гана ичинде калуусу керек болгон маселелер алып чыгылып түрдүү талашып-тартышууларга жол ачылды. Натыйжада мусулман коомчулугуна көптөгөн көйгөйлөр жаралды.  

Урматтуу мусулман агайын-туугандар! Негизи мындай талаш маселелер көбөйүп баратат. Убакыт өткөн сайын уламдан-улам жаңысы пайда болууда. Мындай кырдаал дагы да курчуй бериши мүмкүн. Себеби ичибизден, “мазхаб кармануу тартышууларга себеп болот, андыктан аны таштап Куран жана Сүннөткө  амал кылабыз” деген доо менен чыгып жаткандар, эзелтен, кылымдар бою ата-бабабыз карманып келген Ханафи мазхабын чанып, мазхабсыздыкты туу тутушууда. Алар кээ бир маселелерди жалаң биз амал кылгандай аткарылса гана туура болот, андан башкасы батыл-бекер деп кыйкырышууда жана ушул кылган ишин туура деп ойлошууда. Ошондуктан мусулман коомчулугун бидъатка берилгендикте, Куран жана Сүннөткө амал кылбастыкта жана башка нерселерде айыпташууда. Андыктан мындайлардын «азгыруусуна» кирбей, тээ илгертен ата-бабаңыз окуп келгендей эле намазыңызды окуй бериңиз. Алардын акылы жеткен нерсеге кантип буга чейин өткөн аалымдардын акылы жетпей калсын.  

Кудайым бизди туура жолдон адаштырбасын!

Даярдаган: Абибилла ажы Кадырбердиев