Кара-Сууда ажылыкка баруу үчүн электрондук кезекте турган жарандарды каттоо кызуу жүрүүдө

Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук хатибиятында 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлердин саны 566 га жетти.

Учурда күнүгө эртеден кечке чейин жыйырмадан ашуун жарандарды кабыл алып жатабыз деген Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров төмөнкүлөрдү билдирди:

«Жалпы коомчулукка ажылык сапарына  баруучуларды каттоо башталгандыгы  туурасында маалыматтарды районубуздагы бардык жума окулуучу мечиттер, социалдык тармактар жана башка маалымат каражаттар аркылуу жеткирдик. Кудай буйруса, бүгүнкү күндө каттоодо кезекте турган жарандардын 190 у алгачкы 1000 АКШ долларын РСК банкына төлөп, төлөм квитанциясын жана каттоого керектелүүчү документтерин тапшырды. Кара-Суу калкынын саны көп район болгондуктан, бир күн ичинде жыйырмадан ашуун жарандарды кабыл алуудабыз».

Эскерте кетсе, Кара-Суу району боюнча электрондук кезекте турган 1064 жаран бар, алардын 566 сы ажылыкка барууну билдирсе 360 жаран баш тарткан.