Өзгөндө мектеп окуучуларына “Дин жана нарк” аттуу семинар уюштурулду

Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы “Ы. Бектемиров” атындагы орто мектепте туура диний түшүнүктү калыптандыруу максатында “дин жана нарк” аталышындагы семинар уюштурулду. Ага мектеп окуучулары жана райондук хатибиятынын кызматкери Үмүт Насиев катышты. Семинардын жүрүшүндө Үмүт Насиев окуучуларга “Салттуу дин деген эмне?” аттуу темада лекция окуп, анда диний баалуулуктар, кыргыздарда ислам дининин таралышы жана тарыхы боюнча маалымат берди.

Уюштурулган семинардын максаты, келечек муунга ата-бабаларыбыз карманып келген ислам дини кыргыз элинин салттарына каршы келбестиги туурасында окуучуларга маалымат берүү жана туура диний түшүнүктү калыптандыруу деген райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров төмөнкүлөргө токтолду:

“Азыркы күндө өлкө башчысы президенттин жарлыгына ылайык мектептерде дин таануу сабагы киргизилген. Биз ошол предметтен сабак өтүп жаткан мугалимдерге жардам катары, райондогу мектептерде семинарларды, лекцияларды уюштуруп, дин боюнча туура маалыматтарды жеткирсек деп турабыз”.