![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/02/IMG-20230201-WA0012.jpg)
Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов бир катар орто мектептерин зыярат кылып, мектеп жетекчилери, ата-энелер, мугалимдер жана мектеп окуучуларына зордук-зомбулук, мектептеги талап-тоноочулук, суицид, ата-энени урматтоо маселелерин камтыган “Келгиле, адептүү бололу” темасында лекция окуду. Ал эми мектеп жетекчилери, мугалимдер таалим-тарбия сабагынын темасына ылайык, турмуштук мисалдардан доклад окушса, айрым окуучулар өз калемдеринен жаралган ырларын окуп, адептүүлүк туурасында ойлорун билдиришти.
Таалайбек ажы бүгүнкү күндөгү жаштарыбыздын тарбиясы, жүрүм-туруму эң олуттуу маселелерден экенин айтып, тарбияны үйдөн баштоо зарылдыгына токтолду.
“Бул туурасында жаштарыбызга атайын сабактарды уюштуруп, шарият көрсөткөн тартип-эрежелерди жеткирип жатабыз. Коомчулукту, өзгөчө жаштарды ыймандуулукка, адеп-ахлакка чакыруу ар бирибиздин милдетибиз жана учур талабы”, – деп билдирди Таалайбек ажы.
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/02/IMG-20230201-WA0013.jpg)