Абдурашид ажы Юнусовдун демилгеси менен «Жакшылыкта жарышалы» аттуу акция башталды

Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун демилгеси менен үстүбүздөгү жылдын башынан баштап «Жакшылыкта жарышалы» аттуу акция башталды. Акция Баткен районунун аймагындагы имамдар тарабынан ишке ашырылат.

Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун айтымында, акция  бир канча этаптардан; зыярат, кайрымдуулук жана билим этаптарынан турат. Имамдар зыярат акциясынын алкагында ар айдын бир аптасынын ичинде муктаж үй-бүлөлөрдүн жана ооруп жаткандардан кабар алышат.

“Жыл башында Баткен районунун жалпы имамдары менен кабыл алынган иш-планга ылайык, учурда “Зыярат акциясы” этабын баштадык. Буйурса ар бир айда “Кайрымдуулук”, “Билим” жана башка түрдү багыттагы акцияларды өткөрөбүз. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткан: “Кимдир бирөө кыйналган кишиге жеңилдик кылса, Аллах Таала да ал кишиге дүйнө жана акыретте жеңилдик берет” (Сахих муслим). Ошондуктан биз, дин кызматкерлери, жакшылыкта жарышууну үлгү кылалы деп жатабыз”, – деди Абдурашид ажы Юнусов.