Пайгамбарларга ыйман келтирүү

Пайгамбарларга ыйман келтирүү, Ислам ишениминин шарттарынан бири болуп эсептелет. Бул дегени, пайгамбарларга ыйман келтирбеген инсан эч качан момун боло албайт, дегени. Биз өз эне-тилибизде пайгамбарлар, деп атап жаткан заттар, араб тилинде эки түрдүү-расул жана набий, деп аталат. Пайгамбарлар пенделер ичинде Аллах тарабынан тандап алынган болуп, Аллахтын буйругун инсандарга жеткирүүгө милдеттендирилген. Алардын ичиндеги жаңы, өзүнчө шарият алып келгендер “расул” деп аталат. Жаңыдан шарият алып келбестен, өзүнөн мурунку пайгамбардын шариятына амал кылып, адамдарды жалгыз Аллахтын өзүнө ибадат кылууга, ага эч нерсени шерик келтирбестикке чакыргандар “набий” делинет.

Аллах таала Өзүнүн ыйык китеби Куранда ысымдарын атаган пайгамбарлардын чындыгына ыйман келтирүү ар бир мусулманга фарз. Қуранда ысымдары айтылган пайгамбарлар: Адам, Идирис, Нух, Худ, Салих, Ибрахим, Лут, Исмаил, Исхак, Якуб, Юсуф, Айюб, Шуъайб, Муса, Харун, Давуд, Сулайман, Иляс, ал-Ясаъ (Юушаъ), Зул Кифл, Юнус, Закария, Яҳя, Иса жана Мухаммад алайхис саламдар.

Ошону менен бирге, Куранда ысымдары келбеген пайгамбарлар да өткөндүгүнө, алардын ким экендиктерин Аллахтын Өзү гана билүүсүнө ыйман келтиребиз. Аллах таала “Гаафир” сүрөсүндө пайгамбарыбызга кайрылуу жасап:

﴿ وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلاً مِنْ قَبْلِكَ مِنْهُمْ مَنْ قَصَصْنَا عَلَيْكَ وَمِنْهُمْ مَنْ لَمْ نَقْصُصْ عَلَيْكَ ﴾

«Биз сага чейин да пайгамбарларды жөнөткөнбүз. Алардын кээ бирлери жөнүндө Биз сага айтканбыз, айрымдарын жөнүндө айткан жокпуз» («Гаафир» сүрөсү, 78-аят). деген.

Демек, баяны Куранда айтылган пайгамбарлардын саны жыйырма беш, айтылбагандары канча жана кимдер экендиги жалгыз Аллахтын Өзүнө гана маалым.

Пайгамбарларга ыйман келтирүүнүн фарз экендиги жөнүндөгү аят жана хадистер өтө көп. Аллах Таала “Бакара” сүрөсүндө мындай деген:

آمَنَ الرَّسُولُ بِمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مِن رَّبِّهِ وَالْمُؤْمِنُونَ ۚ كُلٌّ آمَنَ بِاللَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِّن رُّسُلِهِ ۚ وَقَالُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا ۖ غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيْكَ الْمَصِيرُ

«Пайгамбар менен момундар Эгеси тарабынан түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиришти. Баарысы Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына ишеништи. Алар: “Анын пайгамбарларынын эч кимисин бөлүп, ажыратпайбыз, угуп моюн сундук”,-дешти. Оо, Эгем, сенин кечиримиңди тилейбиз жана Сага гана кайтып барабыз” (“Бакара” сүрөсү, 285-аят).

Эгер инсан айрым пайгамбарларга ыйман келтирип, башкаларына ыйман келтирбесе, алардан бирөөсүн болсо да ажыратып койсо, каапыр болот.

Аллах Таала пенделердин ичинен кээ бирөөсүн гана тандап алып, пайгамбар кылып жиберүүсүнүн көптөгөн даанышмандык сырлары бар.

  1. Пайгамбарлар адамдарга Аллах Тааланы танытат. Аларды жалгыз Аллахка ибадат кылууга чакырышат.
  2. Пайгамбарлар динге амал кылууга жана аны коргоого ошондой эле Аллах түшүргөн буйруктар менен өкүм жүргүзүүгө чакырышат.
  3. Пайгамбарлар момун пенделерге бейиш жана андагы даярдап коюлган неъматтардын сүйүнчүсүн беришет. Каапырларга болсо, куфрдун акыбети жаман болуусу жөнүндө эскертүү беришет.
  4. Пайгамбарлар адамдарга түз жүрүүдө, адеп-ахлакта, ибадатта, такыбада жана башка иштерде жакшы өрнөк көрсөтүшөт.
  5. Пайгамбарлар пенделерге кантип Аллахтын ыраазылыгын табуу жолун көрсөтүшөт.

Албетте, мындай үлкөн иштерди амалга ашыруу оңой болбойт. Ошондуктан Аллах таала пайгамбарлыкка Өзүнүн пенделеринин ичинен жетик жана маалым сыпаттарга ээ болгон кишилерди гана тандап алат жана аларды Өзүнүн тарабынан колдоп-кубаттайт. Чындыгында, бардык пайгамбарлардын ден-соолугу чың. Аларда эч дене түзүлүшү жагынан кемчилик жок. Болушу да мүмкүн эмес. Алардын акылы да толук. Эч кандай акылдарында кемтик жок. Алардын руху да бакубат, алсыз да болбойт. Ошону менен бирге, пайгамбарлар “маъсум”-алар эч качан күнөө жасаган эмес.

Калган иштерде болсо инсан болушкандыгынан, кадимки инсандар сыңары жеп-ичүү, нике, ооруу, уктоо сыяктуу абалдар аларда дайым болуп турат. Жадагалса залимдердин зулуму жетиши мүмкүн. Кээ бир пайгамбарлар деле каапырлар тарабынан өлтүрүлгөн.

Аллах таала Өз пайгамбарларын колдоп-кубаттап, алардын ак пайгамбар экендиктерин адамдардын алдында тастыктоо үчүн аларга муъжизалар берген. Бул муъжизалар жөнөкөй адамдардын колунан келбеген, адаттан сырткары иштер болуп, Аллахтан өзгө эч ким аны кыла албайт. Мисал келтирчү болсок каапырлар Ибрахимди (а.с.) отко салышканда, Аллах таала:

«Эй, от-жалын, Ибрахимге салкын жана саламат болгун”, деп буюрганда ибрахим (а.с.) үлкөн от-жалындын ичинде саламат бойдон калган.

Иса (а.с.) эч кандай себепсиз, бир ишара менен көзү сокур төрөлгөн балдардын көзүн ачкан,  жадагалса Аллахтын уруксаты менен өлүктөрдү тирилткен. Ошондой эле, башка бардык пайгамбарлардын да өзүнө таандык муъжизалары болгон.

Пайгамбарлардын ичинен өзүнчө ажырап, өзүнө таандык мартабага жетишкендерине “Улул азм” деп наам берилген. Ахли сунна вал жамааьат аалымдары,  Нух, Ибрахим, Муса, Иса жана Мухаммад алайхис саламдарды «Улул азм» пайгамбарлар дейишет.

Пайгамбарларга ыйман келтирүүнүн пайдалары өтө көп.

  1. Алгач, биз пайгамбар аркылуу Аллахты тааныйбыз жана анын динин да тааныйбыз. Эгер пайгамбарларга ыйман болбосо, таптакыр ыйман болуусу мүмкүн эмес.
  2. Пайгамбарларга ыйманы бар кишилер гана эки дүйнө бактылуулугун табышат. Болбосо ар түрдүү көзү ачык, жалганчыларды ээрчип кетүүсү турган сөз.
  3. Бардык пайгамбарларга бирдей ыйман келтирүү бүт инсанияттын бир экендигин, баары дос, бир тууган экендигин билдирет жана трайбализмдин алдын алат.

Пайгамбарлар кимдер?

Пайгамбарлар кимдер? Ислам дини тарыхын, анын эмне экендигин жана милдеттерин билүүнү каалаган адам бул суроого да анык жооп алуусу зарыл.

Пайгамбарларга ыйман келтирүү акыйданын негиздеринин бири. Ар бир момун киши Аллах таала инсандарга өздөрүнөн (инсандан) болгон  пайгамбарлар жибергенине ишенүү керек. Бул пайгамбарлар өз үммөттөрүнө Аллахтын бардык буйруктарын, эмнени кылуу керек, эмнени кылбоо керек баарын жеткиришкен. Пайгамбарлар Аллах таала тарабынан жөнөкөй инсандардын колунан келбей турган, кээ бир иштерди кыла алуусу, тагыраак айтканда муъжиза көрсөтүүдөй улуу бир артыкчылыкка ээ болуусу алардын чыныгы пайгамбар экендиктерине далил болуп келген.  Бардык пайгамбарлар Аллахтын буюрган жолунда жүргөн кишилерге эки дүйнө бактылуу болуусунун сүйүнүчтүү кабарын беришкен.  Аллахтын айтканына көнбөй, нафсине берилип жүргөндөргө болсо, бул дүйнөдө кордук, тиги дүйнөдө болсо азабга дуушар болуусунун кабарын жеткиришкен.

Курани Карим мусулмандарды бардык пайгамбарларга ыйман келтирүүгө чакырган.  Бул болсо дүйнөдөгү бардык эл дос, бир тууган болуп жашоосуна себеп болот.  Анткени адамдар бардык пайгамбарларга ыйман келтиришсе бирин-бири түшүнүүсү жеңил болот, келишпөөчүлүктөр жоголот. Бyл нерсе Исламга гана таандык болуп, ал өзүнө ишенүүчү бүт мусулмандарга бардык пайгамбарларга ыйман келтирип, аларды урматтоону важиб кылып койгон.  Бардык диндеги кишилер Курани Каримде өз пайгамбарларына карата урмат-сыйды табышат. Башка диндерде мындай нерсе учурабайт. Аллах таала бардык пайгамбарларды инсандарды нафс кулдугунан азат кылуу, түрдүү күнөөлөрдөн кайтаруу, жакшы кулк-мүнөзгө ээ болуу үчүн чакырууга жиберген. Ошондуктан, адегенде өздөрү ушул жакшы сыпаттардын ээси болуусу зарыл. Эгер алардын кулк-мүнөзү жакшы болбосо, жаман өрнөк болот жана Аллахтын таалимдери куру-сөз болуп калат.  Алар жөнүндө Куранда мындай делинет:

وَجَعَلْنَاهُمْ أَئِمَّةً يَهْدُونَ بِأَمْرِنَا وَأَوْحَيْنَا إِلَيْهِمْ فِعْلَ الْخَيْرَاتِ وَإِقَامَ الصَّلَاةِ وَإِيتَاءَ الزَّكَاةِ ۖ وَكَانُوا لَنَا عَابِدِينَ

«Аларды Биздин буйругубуз боюнча туура жолду көрсөтө турган башчы кылдык жана аларга жакшылыктарды кылууга, намаз окуп, зекет берүүгө вахий (буйрук) кылдык. Алар Бизге сыйынуучулардан болушту» («Анбия» сүрөсү, 73-аят). 

Пайгамбарлар эч качан кыянат кылышпайт жана ар бир пайгамбардын өзүнө таандык артыкчылык-сыпаты бар. Маселен: Ибрахим а.с. чынчылдык сыпатына ээ болгон. Муса а.с. болсо ыкластуулук сыпатына, Исмаил а.с. убадасына турган жана башка. Аллах тааланын каалоосу менен ар бир коомго өзүнөн чыккан пайгамбар жиберилип, ал ошол коомду бактылуулук жолуна баштаган.

Эгер оболгу пайгамбарлар жалаң өз коому үчүн гана пайгамбар болушса, биздин пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. бүт ааламга пайгамбар болгон. Аллах таала Куранда айтат:

وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا كَافَّةً لِلنَّاسِ بَشِيرًا وَنَذِيرًا وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ ﴿٢٨﴾

«Биз сени бардык адамдарга кубанычты кабарлоочу жана эскертүүчү (пайгамбар) кылып жөнөттүк. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт» («Сабъа» сүрөсү, 28-аят). 

Аллах өз пайгамбары Мухаммад алайхис саламга бул акыйкатты жалпыга жарыя кылууну буюрган:

قُلْ يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنِّي رَسُولُ اللَّهِ إِلَيْكُمْ جَمِيعًا الَّذِي لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ يُحْيِي وَيُمِيتُ ۖ فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ النَّبِيِّ الْأُمِّيِّ الَّذِي يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَكَلِمَاتِهِ وَاتَّبِعُوهُ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ ﴿١٥٨﴾

«Айт: «О, адамдар! Мен силердин баарыңарга Аллахтын пайгамбары боломун! (Аллах) ушундай: Асмандар жана жер мүлкү ага таандык. Андан башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал жан алат жана жан берет». Эми Аллахка жана анын эч кимден сабак албаган, пайгамбарына ыйман келтиргиле! Ал пайгамбар (дагы) Аллахка, Анын сөздөрүнө ыйман келтирет. Туура жолго түшүүдөн үмүтүңөр босо, ошону гана ээрчигиле»

(«Аъроф» сүрсү, 158-аят). 

Мухаммад алайхис салам акыркы пайгамбар. Бул кишинин пайгамбарлыгы мурунку пайгамбарлыктардын буйруктары аягына жеткендигинин белгиси. Курани Каримде мындай делинет:

مَا كَانَ مُحَمَّدٌ أَبَا أَحَدٍ مِنْ رِجَالِكُمْ وَلَٰكِنْ رَسُولَ اللَّهِ وَخَاتَمَ النَّبِيِّينَ ۗ وَكَانَ اللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمًا ﴿٤٠﴾

«Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес. Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллах-ар нерсени Билүүчү»

(«Ахзаб» сүрөсү, 40-аят). 

Ушул аят пайгамбарлык заманасы аягына жеткендигин жана Мухаммад с.а.в.дан соң эч кандай пайгамбар болбостугун баян кылат. Ал кишиден мурда өткөн узун доор аралыгында биринин артынан бири пайгамбарлар келген жана ошол пайгамбарлардын китептеринде өздөрүнөн соң дагы пайгамбар келүүсүнүн кабары бар болгон. Бирок Куранда мындай сөз жок. Андыктан бул нерсе Курандын ыйык китеп экендигинин, Мухаммад с.а.в. чыныгы пайгамбар экендигинин чоң далили болуп саналат. Мына он беш кылымдан бери бир да пайгамбар чыккан жок жана чыкпайт дагы. Кызыгы, Исламдан башка динге ишенүүчүлөр азыр да өздөрүнүн ыйык китептеринде кабары келген пайгамбарды күтүшүүдө. Бирок он беш кылымдан көп убакыт өтсө да алардын бул каалоосу амалга ашпай турат. Эми бүт үмүттөрүн үзүп, Мухаммад с.а.в. ошол күтүлүп жаткан акыркы пайгамбардын дал өзү экендигин тан алуу убактысы келбеди бекен?

 

Макаланы даярдаган: 

КМДБнын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев