Муфтият Кыргызстандагы имамдар үчүн колдонмо китептерди иштеп чыгат

Кыргызстандагы жалпы имамдар үчүн колдонмо китептер иштелип чыгат. Китеп Куран, фыкх, хадис, акыйда, тавсир, имамдын этикасы, мурас жана намаз убактылары боюнча иштелип чыгып, айыл аймактагы имамдарга колдонмо курал катары берилмекчи.

Китептерди Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын тиешелүү бөлүмдөрү даярдап чыгып, андагы берилүүчү маалыматтар имамдар үчүн маанилүү жана пайдалуу болмокчу. Иштелип чыгуучу колдонмо китептер жеңилдетилип жазылып, аймактагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталмакчы.