Азирети Муфтий расмий иш сапары менен Баткен облусуна барып, казыяттын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышууда

Бүгүн, 4-ноябрда  Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен Баткен облусуна келип, дин кызматкерлери менен жолугушту.  Жолугушууга өлкө аймагындагы облус казылары, казыят кызматкерлери, шаар-райондун баш имам хатибдери катышып, Азирети Муфтий аймактагы диний абал менен таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон алака жана түшүндүрүү иштеринин жүрүшүнөн, бирдиктүү азан, бирдиктүү жума хутбаларынын айтылышы боюнча маалымат алды. Ал эми казыят кызматкерлери Муфтият тарабынан келген тапшырмалар өз учурунда аткарылып жаткандыгын айтышып, бийлик өкүлдөрү менен болгон кызматташуунун алкагында бир катар иш чаралар өткөрүлгөндүгүн билдиришти.